“Көнөк” жамааттык мультимедиа борбору

Сокулук району, Кызыл- Туу айылы

Түлɵɵ ɵткɵрүү

9 Май 2019 жыл 15:31
Көрүүлөрдүн саны: 110

  Тилек кылуу-бул муктаж болгон ой тилекти ишке ашыруу ырымы. Ыйык жерлерде кылынуучу негизги ырымдардын бири. Тилекти ичинен же үнүн чыгарып, ɵз алдынча же үй-бүлɵ, устат жамаат менен бирге кылса болот.

 Түлɵɵ ɵткɵрүүдɵ дубалар кошуп айтылат. Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айылынын 78 жаштагы  тургуну    Сапия Бактахунова кудай тамак берүүнүн ɵзгɵчɵлүктɵрүн белгиледи.

Кудай тамак берүүдɵ эн башкысы ниетти туура коюу, жараткандан жакшы тилектерди суроо. Кыргызда ак менен кара чогуу жүргɵндүктɵн кандай учур болбосун  жакшылык менен жамандыктын алдын ала түлɵɵ берилет.  Мисалы жаны конушка кɵчɵɵрдɵ барган жерим майлуу сүттү болсун, алыс сапарга чыгаарда сапарым байсалдуу болсун, жаман түшкɵ, кырсыктаганда, жакындарыбызды алыска узатып жатканда, бала-чакага, үй-бүлɵгɵ айтоор ар бир аракетибизге жараша түлɵɵ берилиши зарыл. Бул жакшы нерсе. Кɵп кырсыктын алдын алат.

  Ата –бабалар ɵз мезгил шартына  жараша  кудай тамак берип келишкени маалым. Алардын ɵткɵрүү ыкмасы да ар кандай болгонун Кызыл –Туу айылынын 68 жаштагы тургуну  Сүйүнбү Итикеева айтат.

 Илгери шарттар ар кандай болгон. Азыркыдай мүмкүнчүлүктɵр жок эле. Анда  ар бир киши тапканын суунун жээгине алып барып суудай таза болсун деген ниет менен элден бата алышкан.  Негизи  башында  түлɵɵ эмес тилɵɵ деп айтышкан. Кийинчерээк түлɵɵ аталып калды.

Белгилесек, байыртан эле кыргыздар   түлɵɵнү кургакчылык ɵкүм сүргɵндɵ  да, жалпы айыл түлɵɵ ɵткɵрүп , жараткандан  жамгыр суранышкан.  Алар тилектери кабыл болооруна ишенишкен.

Даярдаган: Айсулуу Нурматова