“Көнөк” жамааттык мультимедиа борбору

Сокулук району, Кызыл- Туу айылы

Талант тамыры элде

9 Май 2019 жыл 13:25
Көрүүлөрдүн саны: 124

 Сокулук районуна караштуу айыл ɵкмɵттɵр ортосунда  «Талант тамыры элде» аттуу иш чара белгиленди . Ага 18 жаштан 35 жашка чейинки ɵнɵрлүүлɵр катышып күч сынашты.

 Башкы максат эл ичинде  катылып жаткан таланттарды таанытуу экенин уюштуруучулар белгилешти. Салтанатта катышуучулар ар кайсы тармакта күч сынашты. Алардын бири Кызыл-Туу айылынын  Саадаш Абдылдаева атындагы орто мектептин мугалим Динара Сарбагышева буларга токтолду.

Жобоого ылайык  районубуздагы  айыл ɵкмɵттɵр  аралык фестивалда  ар бир айыл  өздөрүнүн  программаларын  көрсөтүшүп, форма, сахнанын жасалгасы, районубуздун өнүгүшүнө  салым кошкон тарыхый инсандардын өмүр жолдорун  чыгармачылык менен  чагылдырып жатабыз.   Өзгөчө белгилөөгө татыктуу деп мен унутта калып бара жаткан каада салттарды жана ырларды  жандандырууга  жасалган аракеттерди айтаар элем. Биз Кызыл-Туу айыл ɵкмɵтү Саз жана  Тɵш булак айыл ɵкмɵтү менен сынакка катышып, биз 451 упай менен алдыга чыктык. Женип чыккан он тайпа экинчи турда күч сынашабыз.

Сынакка ар бир айыл ɵкмɵт өзгөчө жоопкерчилик, чыгармачылык менен  даярданышкандыктан  аларды   эл да жылуу  маанайда кабыл алышты.  Ошондой эле  унутта калып бара жаткан ырларды, каада -салттарды    мыкты даярдык менен көрсөтүштү.  Бул күнү кыргыз элинин  элдик ырлары, сатиралык интермедия, вокал,  эл аспаптары коштогон фальклордук чыгармалар,  ыр-бийлер  менен  коштолду.

Белгилей кетсек,  алдыга озуп чыккан он команда финалда күч сынашат. Андагы байге фонду  1-орунга 20 мин, 2-орунга 15 мин, 3-орунга 10 мин, 4- орунга  6 мин, 5- орунга 4 мин сом жана кызыктыруучу белектер коюлган.

Даярдаган: Айсулуу Нурматова