Чуй облусунун Сокулук районундагы Фрунзе № 1 — орто мектеп лицейинде Мамлекеттик тил мыйзамынын 30 жылдыгына карата иш чара болуп өттү.

Иш чарада ар улуттун балдарынын » Манас» эпосунан үзүндү айтышып, интермедия аткарылып, көркөм ырлар окулуп, улуу окумуштуулардын учкул сөздорү айтылып кыргыз тилин даңазалышты.
«Окуучулардын мекенди сүйүү сезимдери ойгонуп, тилге болгон көз караштары өзгөрдү — деп билдирди мектептин директору Бардакова Ирина.
«Кыргыз тилине мамлекеттик статус ыйгарылышына 30 жылдын жүзү болду. Кыргыз тили — баа жеткис улуу мурас.
Тилди сактап муундан муунга өткөрүп берүү ар бир инсандын милдети экенин түшүнүшүбүз керек» — деп оюн билдирди Мамлекеттик тил боюнча директордун орун басары Ишеналиева Чолпон.
Иш чара тил гимнин аткаруу менен аяктады.
Даярдаган: Джолчубекова Айдай