Кыргыз элинин көчмөн жашоосунда жылкысыз элестетүү кыйын. Жайлоого көчүүдө , мал кайтарганда ата-бабаларыбыз кыргыз жылкысын колдонуп келишкен.
Кыргыз жылкысын көп жылдардан бери талыкпай изилдеп келген , Агрардык Университетинин Биология кафедрасынын башчысы, Биология илиминин кандидаты , доцент Исаев Мирбек кыргыз жылкысынын асыл тукумун сактап калуу тууралуу айтып бермекчи. «Кыргыз жылкысы — улутубуздун байлыгы , мен студент болгонго чейин ат таптап , ат баккам , бул өнөрдү атаман үйрөнгөм .Кыргыздар төрт түлүк мал ичинен жылкыга чоң көңүл бурушкан. Ичсе кымызы суусундук , минсе унаа , жесе эти пайдалуу , этинде холестерин жок. Жылкы туберкулез , бруцеллез оорулары менен оорубайт. Кыргыз жылкысы башка жылкылардан күчтүүлүгү , чыдамкайлыгы , ташыркабай тез баскандыгы менен айырмаланат . Кыргыз элинде «Жорго минген жолдо өсөт , күлүк минген күндө өсөт «,»Күндүк өмүрүң болсо , түштүгүңө жорго мин «- деп бекеринен айтылбаса керек.
Учурда Исабеков Мирбек аталган окуу жайда жаш муундарга таалим — тарбия берип келет.
Даярдаган: Нурматова Айсулуу