“Көнөк” жамааттык мультимедиа борбору

Сокулук району, Кызыл- Туу айылы

Кызыл-Туу айылына мобилдик клиника келди

13 Ноябрь 2019 жыл 22:28
Көрүүлөрдүн саны: 106

Чуй облусунун мобилдик клиникасы, азыркы күндө Сокулук районунда иш алып барууда.

Сокулук районунун Кызыл —  Туу айылынын жашоочуларын 12 — ноябрь күнү кабыл алышты. Мобилдүү клиникада лаборант жана гинеколог адистери келди. Кызыл-Туу айылынын жашоочусу 28-жаштагы Марс кызы Назгүл «Менин үч жаш балам бар болгонуна байланыштуу, Бишкекке барып көрүнө албайм. Мобилдүү клиниканын айылга келгени жакшы болду»- деди.

«Бүгүн мобилдик клиникага көрүнүүгө көп адамдар келди, биздин максатыбыз элге кызмат кылуу. Биз бүгүн айыл тургундарынын сарык оорусун жана кандагы сахарды текшердик. Биринчи байлык ден — соолук дегендей , эч ким оорубасын» — деп билдирди Сагын Сулайманова лаборант, медайым.

Мобилдүү клиника эртең мененки тогуздан кечки бешке чейин иштеди.

Даярдаган: Нурматова Айсулуу