“Көнөк” жамааттык мультимедиа борбору

Сокулук району, Кызыл- Туу айылы

Кызыл — Туу айылында зордук — зомбулукту жоюу иш чара өткөрүлдү

13 Ноябрь 2019 жыл 20:47
Көрүүлөрдүн саны: 116

 

Чүй облусунун Сокулук районундагы Кызыл — Туу айылынын активдүу тургундарына жана жергиликтүу кеңештин депутаттарына гендерлик теңчилик, зордук — зомбулукту алдын алуу туурасында тегерек стол болуп өттү.

Тегерек столдун жүрүшүндө тренер , жабырлануучуга берилүүчү коргоо ордери жана шайлоодо жергиликтүу кеңештин депутаттыгына талапкер аялдар үчүн 30 % жеңилдик жөнүндө айтып берди . Катышуучулар билимдүү , активдүү талапкер айымдарды колдоорун билдиришти жана айыл аймагындагы гендерлик теңчилик темасында иш планын иштеп чыгышты.

Даярдаган: Нурматова Айсулуу