“Көнөк” жамааттык мультимедиа борбору

Сокулук району, Кызыл- Туу айылы

Рамазан айы башталды

30 Апрель 2020 жыл 18:34
Көрүүлөрдүн саны: 117

Рамазан айында орозо кармоо мусулмандардын парзы болуп эсептелинет . “Орозо” деген сөздүн мааниси тан аткандан күн батканга чейин жеп – ичүүдөн жана кандайдыр бир нерседен тыйылуу .


“Шариятта зекет жана садака – фитирди чогултуу үчүн абдан чон маани берилген . XIV жарым кылым мурун фитир – садаканын өлчөмүн болжошкондо ошол учурдагы бардык желчү азыктардын эн кымбаты буудай болгон , ошондуктан буудайдын баасын алышкан .Ар жылы буудайдын баасына жараша 1кг 600гр деп эсептелинет .Быйыл киши башына буудайдын баасына эсептелген баа 35 сом , мейиз 384 сом , ун 60 сом , арпа 54 сом ,курма 512 сом берилиши кажет . Садака – фитирди чону кичинесине , аял – эркегине карабастан ар бир жанга жана алты айдан өткөн бойдогу балага да берилиши зарыл .Садака – фитир кимдерге берилет ? Муктаж , кедей – кембагал адамдарга берилет – деп билдирди Сокулук районунун Кызыл –Туу айыл аймагындагы Сагымбай атындагы мечиттин имамы Батырбек Алыбеков ажы .
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан белгиленген Рамазан айы 2020 – жылдын 24 –апрелинде башталып 23 – май күнү аяктайт.

Даярдаган: Нурматова Айсулуу