“Көнөк” жамааттык мультимедиа борбору

Сокулук району, Кызыл- Туу айылы

Агайдын өнөрү жаш мугалимдерге насаат

24 Июнь 2020 жыл 17:54
Көрүүлөрдүн саны: 218

Баткен облусунун тургуну Гапыр Мадаминов агай Сүлүктү шаарында Энелер мектебин ачып, бир гана окуучулар эмес ата – энелер жана шакирттерине жол көрсөтүп окутуп келет.

Энелер мектеби

Бүгүнкү күндүн “Дүйшөнү“ аталган агайдын “Акыл эмгек маданияты” аталыштагы вотсап жана онлайн сабак аркылуу, Республикадагы мугалимдерге устат катары жол көрсөтүп, тажрыйба алмашып келет. Чүй облусунун Сокулук районундагы Кызыл – Туу айылындагы  Саадаш Абдылдаева атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими  Динара Сарбашова Нарын, Чүй жана Ысык – Көл облустарында кызыккан мугалимдерден группа түзүп иштеп келет. «Агайдын окуу программасын бүткүл облустардагы мектептердин мугалимдерине жайылтышыбыз керек. Ата – энелер менен мугалимдер ортосундагы байланыш бекемдейт.

 

Динара Сарбашова иш үстүндө

Гапыр Мадаминов агай “Акыл эмгек маданияты“, “Энелер мектеби“, “Устаттык өнөр” , “Ата – энелер сиздер үчүн”, “Ой өрүшү кругозор“, “Өзүн – өзү тарбиялоо”, “Инсандык сапат”, ”Исхах Раззаковдун инсандык жетекчилик өзгөчөлүктөр” китептердин ээси. Агай жаш муундун келечегин ойлоп, дүйнө таанымикасына эмгек синирген мугалим.ын кенейткен китептерди окууга үндөйт. Билим берүүдө мугалимдер жаны нерселерге умтулуп, жоопкечиликтүү болуп жана изденүүдө жүрүшүбүз керек экенибизди баса белгилеп келет. Агайдын китептери жаш мугалимдерге өзүн – өзү өстүрүүдө чон өбөлгө түзөт деп ойлойм” – деп билдирди Динара Сарбашова.
Гапыр Мадаминов жыйырма беш жылдык тажрыйбасы бар, Кыргыз республикасына эмгек синирген мугалим
Даярдаган: Айдай Джолчубекова