“Көнөк” жамааттык мультимедиа борбору

Сокулук району, Кызыл- Туу айылы

Кызыл- Туу айыл өкмөт башчысы алдыдагы пландары менен тааныштырды

1 Сентябрь 2020 жыл 11:49
Көрүүлөрдүн саны: 178

Чүй облусунун Сокулук районунун Кызыл – Туу айыл аймагы Бишкек шаарынан 30 километр аралыкта жайгашкан. Айыл аймактын башчысы август айында бир жылдык мөөнөткө шайланган. Учурдагы аткарылып жаткан иштер жана алдыдагы пландары тууралуу Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы Сталбек Мусаев маек курду.

Кызыл -Туу айыл өкмөтүнүн өкмөт башчысы Сталбек Мусаев

«Кайра иштетүү жана мунипицалдык ишканаларды ачсак деген пландар бар. Биз мамлекетти карап олтура бербей, айыл өкмөттөр да өзүбүз аракет кылышыбыз керек. Биздин милдет айыл жашоочуларынын көйгөйүн чечүү жана эл менен тыгыз байланышта болуу.

Биздин айылда көйгөй таза суу жана сугат суу маселеси. Киреше алып келүүчү логистикалык борборлорду ачканга аракет кылып жатабыз, айылыбызда өскөн дан куурай, кулпунай жана башка мөмө жемиштерди арзан сатпай, кутулоо (упаковка) пландалып жатат.

Айылдын социалдык жана экономикалык деңгээлин өнүктүрүү үчүн жаратылыш жана адам ресурстарын колдонуу.

Өлкөбүздө үстүбүздөгү жыл санариптештирүү жылы деп жарыяланганына байланыштуу жамаатыбыздагы ар бир адам кесипкөй адис болуусу зарыл экенине көзөмөл жүргүзүп жатабыз. Айыл өкмөтүнүн ишмердүүлүгүн жергиликтүү калкка ачык айкындуу жеткизип туруу биздин милдетибиз деп ишенем» – деп сөзүн жыйынтыктады Сталбек Мусаев.

Кызыл – Туу айыл аймагында 5 айыл, 1816 кожолук , 8534 адам жана 10дон ашык улуттагы адамдар жашашат .

Сталбек Мусаев Кызыл-Туу айылына айыл өкмөт башчысы болуп август айында шайланган.

 

Айдай Джолчубекова