“Көнөк” жамааттык мультимедиа борбору

Сокулук району, Кызыл- Туу айылы

Энелер мектебинин негиздөөчүсү Гапыр Мадаминов

1 Сентябрь 2020 жыл 22:56
Көрүүлөрдүн саны: 124

Гапыр Мадаминов Улуттук илимдер Академиясынын тарых институтунун илим изилдөөчүсү, Баткен облусунун Лейлек районундагы №3 – эксперименталдык гимназиясынын директору, жазуучулар союзунун мүчөсү, «Замандаш» журналынын 2013 – жылдагы «Жылдын мыкты мугалими» номинациясынын лауреаты ,»Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими» сыйлыктарынын ээси.

Гапыр Мадаминов

«Энелер мектебинин» негиздөөчүсү. Окуучулар билим алып, татыктуу тарбияланып чыгуу үчүн окуучулардын энелерин окутууну туура көрүп, окутуп баштаган.

Учурда Кыргызстандын облустарында вотсап тайпаларды ачып, Гапыр  Мадаминовдун тажрыйба усулдарын жайылтуу максатында шакирттери:

  • Айнура Каландарова «Акыл Эмгек Маданияты»
  • Гүлназ Бердиева «Жаш мугалимдер мектеби»
  • Нарбүбү Анаркулова «Энелер мектеби»

аталышындагы онлайн тайпаларда сабак өтүп келишүүдө. Сабактар талкуу менен коштолуп, мугалимдер жана ата – энелер кызыгып окуп, усулдарды алып жатышат.

Чүй облусунун Сокулук району боюнча тажрыйбаны кеңири жайылтууда өз салымдарын кошуп жаткан мугалимдер :

  • Сарбашова Динара
  • Керимбекова Гүлнара
  • Бактыярова Акылыйма
  • Джолчубекова Айдай

Гапыр Мадаминовдун өз калемине таандык китептери:

  1. Билим баалуулугу, Ош 1997 – жылы.
    2.  Лейлек жана Лейлектиктер, Бишкек 1998 – жылы.
    3. Исхак Разаков, Бишкек 2000- жылы.
    4. Билимге сапар, Бишкек 2000 – жылы.
    5. Акыл Эмгек Маданияты, Бишкек 2003 – жылы.
    6. Ата – энелер сиздер үчүн, Бишкек 2003 – жылы.
    7. Устаттык өнөрү, Бишкек 2006 – жылы.
    8. Кесектердин кыскача тарыхы, санжырасы Бишкек 2010 – жылы.
    9. Сүлүктү шаарынын кыскача тарыхы Бишкек 2010 – жылы.
    10. Ой өрүшү- кругозор, Бишкек 2015 – жылы.
    11. Өзүн – өзүн тарбиялоо, Бишкек 2019 – жылы.

 

Гапыр Мадаминовдун китептери сатылгандан кийин каражаттарын мындан 12 жыл мурун ачылган “Келечек “ кайрымдуулук фондуна чогултуп, ал жактан аталган гимназияны окуп бүтүргөн Бишкек, Ош,Томск жана Москва шаарындагы муктаж студенттерге жардам берилип келет.
Гапыр Мадаминов 1958 – жылы 17- августа Сүлүктү шаарында туулган. Мектепти Сүлүктү шаарынан аяктап, Таджикистан өлкөсүндөгү Ленинабад шаарындагы мамлекеттик педагогикалык институтунун тарых факультетин аяктаган.

Гапыр Мадаминовтун китептери

Учурда Лейлек районундагы №3 – эксперименталдык гимназиянын директору болуп эмгектенүүдө.

 

Айсулуу Нурматова