Өлкөдө март айынан баштап карантин учурунда көп мектептер онлайн режимде окуп жатышты. Технологияны жакшы билген окуучуларга женил болду .

Кыргыз тили жана адабият мугалими Ишеналиева Чолпон
Колунда жокторго бул ыкма оор болуп , коомчулукта социалдык ажырым көрүнүп калды . “Кыргыз эли илгертен эле башына кыйынчылык түшкөндө биримдиктүү болуп ынтымак менен женип келишкен. Бул оор кырдаалдан ата – энелер , мугалимдер , окуучулар биримдикте бири – бирибизге колдоо көргөзүп амандыкта чыгып кетебиз деген үмүтүм бар . Пандемия COVID -19 оорусу жалан эле мугалим эмес , ата – энелерге да аябай кыйынчылык туудурду . Мугалимдин ролун биз аткара албайт экенбиз деп ата –энелер жазып жатышты. Мугалимдик кесиптин оордугун таанытты . Карантин эртерээк бүтүп , окуучуларыбыз мектепке мурункудай окушун тилек кылам . Жалпы окуучуларга, ата – энелерге жана кесиптештериме биримдик , ынтымак жана сабырдуулук каалайм “- деп билдирди Сокулук районунун Фрунзе №1 мектеп лицейинин кыргыз тил жана адабият мугалими Ишеналиева Чолпон .

Кыргыз тили жана адабият мугалими Ишеналиева Чолпон
Карантинге байланыштуу март айынан баштап өлкөдөгү мектептерге онлайн окуу киргизилген .
Даярдаган: Айдай Джолчубекова