“Көнөк” жамааттык мультимедиа борбору

Сокулук району, Кызыл- Туу айылы

Дарычылык касиети бар чөптөр

1 Ноябрь 2020 жыл 0:17
Көрүүлөрдүн саны: 298

Кыргызстан тоолуу аймак болгондуктан дарылык касиети бар дары чөптөрдүн көп түрү өсөт.

“Кыргызстандын аймагында тоолуу шартта, орто бийиктикте жана талаа шартында өскөн дары чөптөр болуп бөлүнөт. Мисалы, эдельвейс (мамыр ) дары чөп деңиз денгээлинен үч миң метрден бийиктикте өсөт .

Мумиё бийик тоо кыркаларынан алынат,  эки түргө бөлүнөт, ак жана кара мумиё болуп. Мумиё көп микроэлементтерге бай. Сөөктү бекемдейт жана сыныкка дары”- деп билдирди дары өсүмдүктөр боюнча эксперт Алгожоева Жанар.

«Мен Кызыл — Туу айылынын тургуну болом, быйыл балам үчкө чыгып сүннөткө отургузгам. Он күн бою айыкпай койду. Үйгө кошуна эже келип калып баламдын жаратын көрүп, «Бир салым» деген чөп дары бар, ошол чөп менен жуусан бат айыгат деп кенешин берди. Бир салым деген чөптү алып бир күндө үч маал жуудум эртеси шишиги да жок, жарасы да жок айыгып кетти. Балдарын сүннөткө отургузган үй — бүлөлөргө сунуштайт элем, аты айтып тургандай бир салганда эле айыгат экен» – деп билдирди Турат кызы Гүлмира.

Кызыл-Туу айылынын тургуну Турат кызы Гулмира

Кыргызстанда төрт минден ашык дары өсүмдүктөр өсөт . Өлкөбүздө өскөн дары өсүмдүктөрдү ата – бабаларыбыз мал дарылаганга, табигый боёкко, көчмөн ашканага жана косметикага колдонуп келишкен.

Дары чөптөр тууралуу билесизби? Тесттен өтүп көрүңүз

Айсулуу Нурматова