“Көнөк” жамааттык мультимедиа борбору

Сокулук району, Кызыл- Туу айылы

Биомаданий ар түрдүүлүктү сактоо

7 Ноябрь 2020 жыл 22:16
Көрүүлөрдүн саны: 117

Сокулук районунундагы Белек айылынын Аманкул Куттубаев атындагы орто мектебинде «Аманат — Өмүр» коомдук фонду тарабынан «Билим куржуну» аттуу иш-чара болуп өттү

Семинардан кийинки сүрөт

«Биздин максатыбыз биомаданий артүрдүүлүктү сактоо , салттуу билимди жаш муундарга өткөрүп берүү . Окуучуларды өз аймагын таанып билүү , жаратылышты коргоо , табиятка таттуу мамиледе болуу жана өз айылынын тарыхын унутпоого чакырам»- деп билдирди долбоордун кординатору Сакенова Азиза

 

Этноботаникалык бакча тигүү учуру

“Мен мектепте 21 жылдан бери эмгектенем , өзүмдүн кружогум бар . Бүгүнкү иш-чара мага абдан жакты , балдар көп нерсени үйрөнүштү, кызыктуу болду, биздин айылдагы окуучуларга чон жанылык болду”- деп билдирди биология мугалими Белекова Рыскүл.

Семинардын жүрүшү

“Мага флористика абдан жакты , биздин мектепте көп кружоктор бар, бирок ушундай кружок бар болгондо катышмакмын” – деп өз оюн билдирди 6-класстын окуучусу Аданбаева Асема .

Аданбаева Асема

Долбоор «Туруктуу Өнүгүү Стратегия Институту» (ИСУР) коомдук фонду  тарабынан каржыланган .

Даярдаган: Нурматова Айсулуу