“Көнөк” жамааттык мультимедиа борбору

Сокулук району, Кызыл- Туу айылы

Сокулук районунда жаш майыптарга белек тапшырылды

1 Январь 2021 жыл 14:20
Көрүүлөрдүн саны: 236

Чүй облусунун Сокулук районунун ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жаңы жылдык майрам уюштурулду.

Аяз ата белек тапшыруу учуру

“Он төрт жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген элүү балага жаңы жылдык белек тапшырылды. Иш – чаранын максаты ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарыбыздын көңүлүн көтөрүп, демөөрчүлөрдүн жардамы менен балдарыбызга жакшы маанай тартууладык”,- деп билдирди Чүй облусу боюнча “Жаш майыптар коомунун “жетекчиси Эрнист Мыктыбек уулу .

Учурда Сокулук районунда төрт жарым миңге жакын жаш майыптар жашашат.

Катышуучулар менен жалпы сүрөт

Балдарга Жаңы Жылдык белектер тапшырылды
Айдай Джолчубекова