“Көнөк” жамааттык мультимедиа борбору

Сокулук району, Кызыл- Туу айылы

Өспүрүм кыз жардамга муктаж

14 Февраль 2021 жыл 17:38
Көрүүлөрдүн саны: 664

Урматтуу кайдыгер карабаган мекендештер.
Чуй облусунун Сокулук районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын жашоочусу Жумакадырова Азема 2015-жылдан бери бөйрөк оорусу менен жабыркап келет, тез арада бөйрөгүн алмаштыруу керек.

«Кудайдын соопчулугу үчүн кызыбыздын өмүрүнө себепкер болуп, колубуздан келген жардамыбызды берели. Кыргызда «Көп түкүрсө көл болот» демекчи дуба кылалы , шыфаа алладан» — деп билдирди Кызыл-Туу айыл аймагынын имамы Алыбеков Батырбек.

Алыбеков Батырбек ажы

Үстүбүздөгү жылдын 18 – мартта саат 18: 00до Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда кайрымдуулук концерт уюштурулуп жатат.

Даярдаган: Нурматова Айсулуу, Адыранова Фатима