Эне тил күнүнө карата Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын кино тасмасындагы баш каармандар менен жолугушуу адабий кечеси өттү. Иш-чара Сокулук районунун Кызыл-Туу аймагындагы Новое айылында Гүлсина Капарова атындагы орто мектебинде болуп өттү.

Нургазы Сыдыгалиев аткарган ролун айтууда
Адабий кечеге “Ак кеме” киносундагы жаш бала Нургазынын ролун аткарган Нургазы Сыдыгалиев, “Жамиля” киносунда Сейиттин ролун аткарган Насирет Дубашов жана “Жаш жарчы” коомдук фондунун жетекчиси Булан Бектеналиевдер келишип, кино баян өткөрүшүп, окуучулардын кызыктуу суроолоруна жооп берүү менен бирге кыскача роль аткарып беришти.
Киного тартылып жаткан учурдагы эң кызыктуу жана эсте калган окуялардан айтып берсеңиздер деген суроо узатылды…
“Бир эпизоддо мен дөңдөн ылдый түшүп келе жаткан машинелерге кыйкырып чуркамакмын. Талыкпай чуркаш үчүн от өтпөгөн кездемени кийгизебиз да кездемени күйгүзөбүз дешти. Чын эле күйбөйбү көрөткүлөчү дедим, күйгөн жок. Макул болуп кино тартылып жатат кездемени күйгүзүштү, бир маалда бутум ысып чындап күйө баштады, ай бутум күйүп жатат десем угушпайт, бутум ай күйүп жатат деп ары чуркап, бери чуркап кыйкырып жаттым, азаматсың дагы бир айлан деп коюшту. Эпизод бүтүп карасак чындап бутум күйүп калыптыр, 1 жума аксап жүрдүм. Мени сооротушуп оюнчук автомат алып беришкен”-Нургазы Сыдыгалиев деди өз сөзүндө.
“Бакайдын жайыты” киносунда мен өлүп калам, кемпирлер айланчыктап алып кошок кошушат. Ушундай бир муң менен берилип бир топко чейин кошок кошушту, мен өзүнчө таң калып чындап эле өлүп калдымбы деп ойлонуп, акырын бутумду кыймылдатып көрсөм кыймылдайт, аа өлбөптүрмүн деп кубанып калгам”- Насирет Дубашов деп эстеди.
Эң биринчи алган гонорарыңыз деген суроого…
«Ата-энем менен келишим түзүлгөн, себеби бала болчумун. Ата-энем алчу, ал эми мага карматкан тыйынга мектепке келип классташтарыма балмуздак алып берчүмүн»- дейт Насирет Дубашов.
Нургазы Сыдыгалиев: «Ак эмгек акым үчүн улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов борбор шаарыбыз Бишкектен батир алып берген».
Киного тартылуу үчүн кастингден кантип өтүп калдыңыздар эле деген суроого…
Нургазы Сыдыгалиев: «Апам менен бий кружогуна бара жатып, кайрылып калганбыз. Ак кеме тигине сен ак кеме деп кыйкырып сууда сүз дешти. Ак көйнөк, кара шым менен экениме карабастан чөпкө жата калып «Ак кеме» деп кыйкырып өтүп кеткем. Баса белгилей кетсек, кастингден өтүш үчүн 1000 өспүрүм бала келиптир».
Насирет Дубашов: «Мосфильмден келген белгилүү орус режиссерлоруна мен ырдап берем дедим. Эки жакты карасам артымда шкаф турган экен, шкафга кирип ырдап берип, жактырышып киного тартылып калгам. Баш аягы 15 кино тасмага тартылдым».

Каармандар окуучулар менен
“Жаш жарчы” фондунун жетекчиси Булан Бектеналиев өз сөзүндө: «Биз жаш өсүп келе жаткан муун, өспүрүмдөр интернет желесине байланбастан, тарыхта калган улуу залкарлар менен жолугуштук.
Бизге Гүлзина Капарова орто мектебиндеги адабий кече жакты жана жогорку деңгээлде болуп өттү. «Ааламга жол айылдан башталат» демекчи окуучулар абдан активдүү, эч тартынбастан чыгармадан үзүндү аткарышып, кызыктуу суроолорду берип, көздөрүнөн үмүттүн шамы жанып турду. Кечени уюштурган мектептин кыргыз тили жана адабият мугалимдери, жалпы жамааты, директору Гүлазар Муонбаева, окуу-тарбия бөлүм башчысы Айдай Джолчубековага, тарбия бөлүм башчысы Аида Карыбековага терең ыраазычылык билдире кетели»,-деди.

Альфиза Муратбекова, Мээрим Керималиева