Кыргыз радиосунун ардактуу диктору Бекташ Акматов Белек айылында жашайт. Ал учурда 85 жашка толду. Учурда ардактуу диктор үй-бүлөсү менен биргеликте бактылуу карылык кечирүүдө.

Бекташ Акматов маек учурунда
Ал «Белек» жамааттык мультимедиа борборунун кабарчылары маек курду:
— Саламатсызбы, алгач өзүңүз жана үй-бүлөңүз тууралуу кененирээк таныштырсаныз.
-Үйдө эки балам жана жалгыз кызым бар. Үчөөнүн тен жогорку билимдери бар. Андан кийин алты неберелүү болдум, алардын баары тең жогорку билимдүү болушту. Тогуз чөбөрөм бар, алар шаарда турушат, биз болсо айылда.
-Сиз бала кезинизде эле диктор болууну кыялдандыныз беле?
-Эми бала кезде ойлогон эмесминда. Ал убакта радио деген жок болчу бизде, андан кийин пайда болду. Анан ушул мектепке келгенде радиону угуп, анан класска келип алып дептерди бурап алып ошолорду туурачыбыз. «Көңүл бурунуздар Фрунзеде сүйлөйбүз, саламатсыздарбы» деп. Анан класстагы балдар айтып калчу, ай Бекташ ошо сеники окшоп кетти деп. Андан кийин буйрук экен радиодон конкурска кабар айтылып калды, барып ошол конкурска өтүп кеттим.

Бекташ Акматовдун кесиптештери менен
-Сиздин жумушуңуздагы биринчи күнүңүз эсинизде барбы?
-Биринчи күн албетте эсте, анда радиого чыгып сүйлөш деген абдан толкундантуучу учур. Сүрдөйсүн, анан мен берген материалды окуп атсам, терезеден бир орус аял карап турат. Мени угуп жаткандай болуп турат. Бир убакта колун көтөрүп жакшы деп койду. Анан бул эмне деп айтты деп, эшике чыксам кыргызча сүйлөп атат баягы. Көрсө Макметова Гулмиса деген кыргыз радиосунун эн жогорку категориясынын диктору экен, ошол биринчи күнүм.
-Эсте калган күлкүлүү окуялар болду беле?
-Ой көп болгон. Мен ошол айылга байланыштуусун айтып берейин. Айылда Молдокулов Макар деген жолдош бар эле, ошол бир күнү келсем айтат: «Ой Бекташ ошол силерде эмне болду, жакында радио приёмникти коюп, убакыт келгенде ошол станцияга бурап койсом, чыктын кадимкидей эле сүйлөп эле. «Саламатсыздарбы, Фрунзеде сүйлөйбүз деп эле анан жок болуп калды. Анан бир убакта кайра баштадын, «Саламатсыздарбы Фрунзеден сүйлөйбүз» деп анан бул эмне болду деп анан башка радиону кармап алдымбы деп, кичине бурап бурасам орусча сүйлөп кирдин: «Сдаём технические пробы, пробы, пробы деп. Атам жанымда отурган дейт — эй алдагы «бураба» деп атпайбы а сен бурап атасын», -деп.
-Ошол жумушуңузда көп жыл аркалап келип кандай сыйлыктарга жеттиңиз?
-Эми ал убакта Советтер Союзу болчу. Ошол Советтер Союзундагы радио кызматкеринин отличниги деген төш белги бар. Андан кийин кыргыз СССР Дин ардак грамотасы. Мындай иштеген жерлерден алган грамоталар аябай көп. Майрамдардагы мындай грамоталар толтура. Анан ошол иштен эс алууга чыкканда эрдек ардагер деген медаль берген. Анан ошол айылдан Советтер Союзундагы «Дети войны» деген медаль берген.
Радио мен иштеп жүргөндө массалык маалымат каражаты эле азыр болсо, компьютерлер чыкты, телефондор көбөйдү. Ошентсе дагы, радио эң ылдам болгон окуяны болуп аткан жеринен алып келчү. Элдердин буга болгон кызыгы дагы эле калат деп ойлойм. Эгерде ушул кесипке кызыксаңар окугула, көптү билгиле, аракет кылгыла. Абдан кызыктуу кесип, бул өзгөчө кыздарга аябай кызык.
-Маегиңизге рахмат!
Сезим Сабырова, Аяна Дыйканбаева