Чуй облусунун, Сокулук районунун Белек айылындагы А.Куттубаев орто мектебинде Жамааттык мультимедиа борбору ачылды. Мультимедиа борбор айылдагы жаңылыктарды сайтка жайгаштырып турат.
Мультимедиа борбор долбоор аркылуу ачылып, техникалык каражаттар алынып берилди. Алынып келинген компьютер, телефон аркылуу окуучулар жаңылыктарды даярдап турушат.

Тренинг учурунда
Бул тууралуу Сокулук районунун Кызыл-Туу айылынынын «Аманат Омур» коомдук фондунун төрайымы Жанар Алгожоева:
«Бул долбоор жаш муундарды өнүктүрүп, кесип тандоого, техника менен иштөөгө жардам берет. Айыл ичинде өткөн иш-чараларды жаңылык кылып, ыкчам түрүндө жарыялоо. Долбоордун дагы бир болүгү жергиликтүү жамаат түзүп, бак отургузуу, алган продукцияларын өздөрү даярдап сатыкка чыгарууга жана пайда табуу»,- деп билдирди.

Техникалык каражаттарды тапшыруу учуру
Мектеп директору Айдай Аскарова мультимедиа борборду өнүктүрүү үчүн колунан келген жардамын берерин айтты:
«Мектепте бул борбор ачылып жатканына кубанычтабыз! Айылыбызга, мектебибизге чоң жардам болот деп ойлойм. Мектебибиздин материалдык-техникалык базасын чыңдады деп ойлойм. Колуман келсе ар түү жардам берем»,- деп билдирди.

Интервью техникасын үйрөнүү учурунда
Жамааттык Мультимедиа борборунун ыктыярчыларына 2 күндүк тренинг өтүп жатат. Тренингди Кыргызстандагы ЖМКлар бирлигинин тренери Айзада Калканбекова максаты тууралуу айтып берди:
«Ыктыярчылар 2 күндүк тренингде ЖМБ функциялары кандай, кантип иштейт, сайттарга кандай жанылыктарды чыгарууга болот, ошону үйрөнүшөт. Мультимедиа борбор туруктуу иштеп кетишине ыктыярчылар активдүү катышышы керек.

Жамааттык мультимедиа борборунун кабинети
Белек жамааттык мультимедиа борбору «Аманат Омур» коомдук фонду тарабынан ачылып, «Туруктуу Өнүгүү Стратегия Институту» ИСУР коомдук фонду каржылады.
Амина Абдиева