“Көнөк” жамааттык мультимедиа борбору

Сокулук району, Кызыл- Туу айылы

Интернет оюндары балдарга терс таасирин тийгизүүдө

4 Март 2021 жыл 11:08
Көрүүлөрдүн саны: 281

Учурда элеттик окуучулар арасында интернет оюндары коп ойнолуп сабакка конул бурбай жатышат.Ата-энелер жана мугалимдер телефон оюндары терс таасир берип жатканын айтышууда.

А.Куттубаев атындагы орто мектебинин мугалими Мээрим Бейшенбекова:

«Жаман таасир тийгизип жатат балдардын жашоосу караңгы болуп кайрымдуулугу жок болуп баратат. Билим деңгээлдери төмөн болуп калды. Ар бир ата- эне өз балдарын контролго алыш керек деп ойлойм. Азыркы убакта ата- энелер өздөрүнүн тынчына карап, көп жерден телефонду берип коюшат ал туура эмес. Ошондуктан, ар бир ата-эне өз баласын контролдосо оюн деле ойнобой калышат».

Free Fire оюнун телефонго көчүрүп алышып, интернет аркылуу ойношот.

Ата-эне Асель Райымкулова балдардын ден-соолугуна терс таасир тийгизип жатканын айтат:

«Балам 6-7саат күнүнө ойнойт. Оюнду жок кылуу керек, оюнду өчүрүү керек. Кошумчам, балдар телефонду коп көрбөгүлө, ойнобогула, окууңарды окугула», -деди.

Дагы бир ата-эне Улан Арыстанбеков телефон ойнобой, китепканага барып китеп окуса болмок деген ойдо:

«Балам эртеден кечке ойнойт. Ден-Соолугуна көп таасир тийгизип жатат.  Телефондун айынан угуу органдары бузулуп, эс-тутуму начарлап жатат .Оюнду жоюш учун унутуу керек, ден-соолугуна зыян экенин билүү керек, ар бир нерсенин убактысы бар экение билиши керек», -деди.

Кичинекей балдар дагы бул оюнга берилип жатышат

Окуучу Адеми Асылбашева бул оюнда көп досторду тапса болорун айтат:

«Ушул оюн аркылуу өзүндү ишенимдүү, күчтүү сезе аласын. Кээ бир балдар сабак жазбай коюшу мүмкүн, кээ бирлери жазышат. Оюндун артынан албетте уруш чыгат».

Эскерте кетсек, пандемия башталгандан бери окуучулар онлайн окууга өтүп, телефон менен убакыт өткөрүп калышты.

 

Милана Барабанова, Элиза Рахматова