“Көнөк” жамааттык мультимедиа борбору

Сокулук району, Кызыл- Туу айылы

Ковид боюнча айылдагы абал туруктуу

4 Март 2021 жыл 11:20
Көрүүлөрдүн саны: 121

Сокулук районунун Белек айылында коронавирус оорусу менен ооругандар азыркы учурда катталган жок. Бирок мектепке чейинки балдар арасында сасык тумоого чалдыккан балдар бар экенин мед айым белгиледи.

Белек айылынын фельдшери Гульзат Аракеева иш учурунда

Белек айылындагы ФАП

Белек айылынын фельдшери Гульзат Аракеева айылдагы абал тууралуу төмөндөгүдөй билдирди:

«Айылда ковид оорусу менен ооругандар болду. Ковид оорусу менен ооруган бейтаптарга врачтардын айтуусу менен дарыланып жатышты. Оор түрү менен ооруп калгандар бейтапканага жатып дарыланып чыгышты, жеңил түрү менен ооругандар үйүндө өзүнчө бир бөлмөдө болуп, үй-бүлөлөрүнө жуктуруп албаш үчүн өзүнчө бир бөлмөдө болуп дарыланып жатышты. Айылда ковид оорусу менен ооругандардын саны 15 киши катталган. Мектепке чейинки балдарыбыз азыркы маалда грипп менен ооруп жатышат.

Мектеп мугалими Жылдыз Кочербаева мектепте абал туруктуу экенин белгилейт:

«2020-жылдын март айынан баштап коронавирус оорусуна байланыштуу окуучулардын баары дистанттык окуу турүнө өтүлгөн. 2020-жылдын декабрынан баштап салттуу окууга өтүштү. Бул аралыктын ичинде биздин А. Куттубаев атындагы орто мектебинде ковид оорусу менен ооруган балдар катталган жок. Азыркы учурда мектепте абал туруктуу, окуучулардын абалдары жакшы, эч кандай ковид оорусу менен ооругандар катталган жок. Грипп менен ооруган окуучулар болуп жатат, бирин-серин алардын ата-энелери менен байланышып, ар бирин сурам-жылап себептерин билип жатабыз.
Окуучулар мектепке беткап менен келишет. Ар бир окуучу класс жетекчи тарабынан дене табы өлчөнүп тепловизор менен дептерге жазылат. Ар бир класс санитардык гигиеналык эрежелери сактоо боюнча күнүмкүсүн күнүгө текшерүүлөр жүрүп турат. Ар бир класста антисептик, коврик, нымдуу салфетка менен өздөрүн колдорун отурган жерлерин дезинфекциялап турушат», — деди мугалим.

Класстарды учурда хлордун аралашмасы менен эки саат сайын танапис учурунда суртүлүп жана терезелер ачылып класс желдеттилип турат. Эки сааттын биринде класс жетекчиси тарабынан балдардын беткаптары алмаштырылып, атайын бет кап салынган урналарга салынат.

 

Нурай Жусупбек кызы, Беназир Сүйүналиева