“Көнөк” жамааттык мультимедиа борбору

Сокулук району, Кызыл- Туу айылы

Баш киймди ардактап кий

12 Март 2021 жыл 22:40
Көрүүлөрдүн саны: 426

Элеси аска зоону тиреген, көк тиреген Ала-Тоону чагылдырып, бийиктиктин символу болгон ак калпакты аздектөө менен кыргыз элинин улуу, кадырлуу экенин даңазалоо ирээтинде белгилүү кинорежиссеру Рысбек Жабиров 5-март Ак калпак күнү деп белгиленсин деген сунушун ЖК колдоп, 2012-жылы 5-март Ак калпак күнү деп жарыяланган.

Жүрүш учурунда


Ак калпак күнүн салттуу түрдө өткөрүү иш — чарасын адаттагыдай эле Сокулук районунун Новое айылынын Гүлсина Капарова атындагы орто мектеби дагы жогорку деңгээлде өткөрүштү.
Гүлсина Капарова атындагы орто мектебинин ак калпакчан окуучулары өз колдору менен кагаздан абдан чоң жана чоң ак калпакты жасашып, колдоруна байракты желбиретишип, КР гимнин ырдоо менен бирге белгилүү ырчылардын Ата Мекен, Кыргызстан жана Ак калпак жөнүндө обондуу ырларды созолонто ырдоо менен жөө жүрүш басышты. Жөө жүрүштүн максаты: окуучулар, айыл тургундары, 5-март ак калпак күнү экенин билүү менен аздектеп кыргызымдын ак калпагы кандай гана даңазалуу экенин сезишип, бири — бирине ак калпак белек кылуу, өсүп келе жаткан жаш муундарга насаат кылып айтып берүү.
Кол өнөрчүлүк менен жасалган ак калпакты алдыга көтөрүп, байрактарды желбиретип а дегенде эле КР гимнинин ырдоо менен жөө жүрүштө бара жаткан ак калпакчан окуучуларды көрүүчүлөр, элдер жана айыл тургундары суктануу менен карап, сүрөткө, видеого тартышып кол чаап коштоп, сүрөп жатышты. Кээ бирлери үйгө кирип ак калпак кийип чыгып жөө жүрүшкө кошулушса, кээси жөө жүрүштө келе жатканда ак калпак кийип, мына мен да кийдим деп жылмаюу менен жагымдуу сөздөрүн арнап жатышты. Жөө жүрүш басып келген соң, мектепте ак калпакты сүрөттөп, анын ар бир кыюлары жана өңдөрү эмнени түшүндүрөт экенин 1- 4 класстын окуучулары айтып, көрсөтүп беришти. Ал эми жогорку класстар ак калпак жөнүндө ыр саптарын, көркөм окуу, макал – лакап жана обондуу ырларды ырдашты.
Кечени борбор шаарыбыздан келген чыгаан теле алып баруучу Жаштар сүйлөсүн берүүсүнүн алып баруучусу, “Дил мүрөгү “коомдук кайрымдуулук фондунун мүдүрү Темирлан Акматовдун конок болуп келиши көркүнө чыгарды. Темирлан Акматов өз сөзүндө окуучуларга терең ыраазычылык билдирди.Ошондой эле окуучулардын колундагы желбиреген желеги ар дайым кылым карытып желбиреп туруусун каалап өттү.
Мектеп директору Муонбаева Гүлазар өз сөзүндө окуучулардын жөө жүрүш басып, ак калпак күнүнө иш чара өткөрөбүз деген сунушун колдоп жана бул жүрүш жаш муундарды патриоттуулукка жана ыймандуулукка тарбиялоодо зор экенин белгилей кетти. Окуучуларга жана жалпы мугалимдер жамаатына терең ыраазычылык билдирди.
Жамбыл уулу Жандос жана Баяман Токторбаев 9-классынын окуучулары: Эжейлер ак калпакты кагаздан жасайбыз дегенде сүрөт тартууда шыгыбыз бар болгондуктан дароо макул болдук. Кылдаттык менен ак калпак жасасак кичирээк болуп калды, ага ынанбай эртеси күнү эң чоң ак калпак жасадык. Жасаган ак калпагыбызды жөө жүрүшкө көтөрүп чыкканда элдер суктануу менен карап жатышканда, жасап жатканда окуучулар, бөбөктөр чуркап келип аябай чоң калпак деп таң кала карап жатканда эмгегибизди баалап жатышкандарын сезип кубандык. Ал эми мугалимдер ыраазычылык билдирип, бизди алкашканда өзүбүзгө болгон ишенүү сезим, шыктануу , стимул пайда болуп, мындан аркы иш — чараларга да активдүү катышууга аракет жасайбыз .
Кошумчалай кетсек, ак калпак күнү менен мугалимдер жамаатын окуучулар куттуктап, талыкпай билим берип, тарбиялап жатышкандыктары үчүн терең ыраазычылык билдирүү менен бирге ыр десте жана гүл десте тартуулашты.

Жөө жүрүш учуру

Даярдаган: Айдай Джолчубекова