“Көнөк” жамааттык мультимедиа борбору

Сокулук району, Кызыл- Туу айылы

Мектеп окуучулары арасында укуктук тарбия берүү

23 Март 2021 жыл 17:25
Көрүүлөрдүн саны: 192

Сокулук районунда жылдагыдай эле март айында укук коргоо кызматкерлери менен мектеп окуучуларынын жолугушуусу жүрүп жатат.

Жолугушуу учурунда

 

Жолугушууга Сокулук райондук Прокуратурасынын, ички иштер бөлүмүнүн жана райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери катышты. Жылда бул жолугушууга окуучулар өзгөчө кызыгуу менен катышып жана аларды кызыктыргын укуктук суроолорго жооп ала алышкан. Жолугушуу суроо – жооп иретинде өтүүдө. Негизинен 7-класстан жогору окуучулар камтылат.

Жолугушуунун башында Сокулук райондук Прокуратурасынын адиси Абдурасулов А.Ж. балдардын укуктары жөнүндө мамлекеттик кайсы иш кагаздарында чагылдырылганына кенен токтолду. Ошону менен бирге окуучулар өз укутарын канчалык дэңгээлде биле тургандыгын текшерип суроо узатты. Жолугушууда Прокуратуранын адиси окуучулардын укуктары менен милдеттери бирдей салмакты ээлеп турганын түшүндүрүп айтып, айрым учурда мектеп окуучулары милдеттерин жакшы билбестен, так аткарбагандыктан укук бузууларга дуушар болуп жаткандыктарына токтолду.

Жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын башчысы Сагынбаев Ж.К. жашы жете элек өспүрүмдөр кандай укук бузууларга туш келип жаткандыгына токтолду. Окуучулардын укук бузууларына жол бербөө максатында билим берүү уюмдарындагы “Укук бузуучулукту алдын алуу кеңеши” менен бирдикте иш жүргүзүп, тийиштүү чечимдерди өз убагында кабыл алып, окуучулар жана алардын ата-энелери менен жолугушуп, туура кеңештерин айтып, көзөмөлдөө иштери күчөтүлүп жаткандыгын билдирди.

Сокулук райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын адиси Карабаева Б.Б. жашы жете элек өспүрүмдөр арасында акыркы учурда зордук зомбулуктун көбүрөөк катталып жаткандыгына токтолду. Зордук зомбулукка туш келген окуучу жашырбастан, сөзсүз түрдө жакын адамдарына – ата-энесине, класс жетекчиге жана “111” ыкчам телефонуна чалып билдирсе болорун айтты. Ошону менен катар зордук зомбулуктун кандай түрлөрү боло тургандыгына токтолуп өттү. Негизги максатыбыз жашы жете элек өспүрүмдөр үчүн үйдө, мектепте, көчөдө коопсуз жашоону камсыз кылуу. Мектеп окуучусу мамлекет тарабынан белгиленген укугуна толугу менен ээ болуусу зарыл.

Билим берүү уюмдарында жаш өспүрүмдөр арасында укук бузуучулукту алдын алуу боюнча класстык сааттар, тегерек столдор жана ата-энелер менен жекече иштер жүргүзүлүп турат. Бардык мектепте “Укук бузуучулукту алдын алуу кеңеши” түзүлүп, тартип бузган окуучулардын жүрүм-туруму ата-энелери менен бирдикте каралып турат. Окуучулардын сабактан тышкаркы бош убактыларын туура өткөрүү максатында кружоктор уюштурулуп, көпчүлүк окуучулар кружокторго тартылган. Класс жетекчилердин жаш өспүрүмдөр менен эффективдүү иш жүргүзүүсү үчүн убагы менен билимдери райондук, облустук семинарлар аркылуу жогорулатылып турат.

 

Маалымат Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Молдалиева М.У. тарабынан алынды.