“Көнөк” жамааттык мультимедиа борбору

Сокулук району, Кызыл- Туу айылы

22 Апрель 2021 жыл 21:48
Көрүүлөрдүн саны: 87

Чүй облусунун Сокулук районунун Кызыл -Туу айыл аймагынын айыл өкмөтүндө жайгашкан 7250 шайлоо участогунда шайлоочулар активдүү катышып жатышат. Шайлоонун жүрүшүн 7250 шайлоо

участогунун комиссиясынын төрайымы Жаңылмырза Егембердиева билдирди «Биздин участокто 20 талапкер койгон, талапкерлердин сегизи аял кишилер. Шайлоочулардын маанайы жакшы жана активдүү катышып жатышат. Жылдагы шайлоолорго караганда аял киши талапкерлер көп коюшту, биздин округда экөө өтүш керек».
«Клооп медиа» коомдук фонду тарабынан байкоочу Сайкал Усенова «Тартип бузуулар катталган жок. Шайлоо тынч өтүп жатат, татыктуулар шайланат деген ойдомун « деп билдирди.
«Элге кызмат кылалы деп талапкерлигимди койдум. Аыйлыбыздын инфраструктурасын жакшыртуу жана жайыт маселесин чечүү. Жаштар талапкерликке көбүрөөк коюптур, ушул көрүнүш мени сүйүндүрүп жатат «деп билдирди талапкер Элдияр Анарбеков.
Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгы менен 2021- жылдын 11-апрель жергиликтүү кеңешке шайлоо жана референдум өткөрүү белгиленген.