Чүй облусунун Сокулук районундагы элүү мектептин ичинен он мектептин мугалимдери ат салышкан «Жыл мугалими – 2021» кароо сынагы болуп өттү.

Зарина Насыржанова жеңүүчү
Кароо сынакта аталган райондун Кызыл-Туу айылынын Саадаш Абдылдаева атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабият мугалими Зарина Насыржанова Гран-при сыйлыгына ээ болду.

«Мен Кыргыз Улуттук Университетине тапшырып 2005-жылы аяктадым. Окууну
аяктагандан баштап учурда Сокулук районунун Кызыл Туу айылындагы Саадаш Абдылдаева атындагы орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты боюнча мугалим болуп эмгектенип жатам.
Мугалим бир гана балдарга сабак берип эле тим болбостон эң мыкты куруучу болуш керек
Экенин ошондо гана түшүндүм. Анткени, куруучулар куруп жаткан нерсесин бир
күндүк кылып курбайт да.
Бул сөз менен мен эмнени айтмакмын демек кең келечектин куруучусу илимдүү, билимдүү
адистер экенин баса белгилөө керек. Мына менин мугалим болуудагы эң чоң максаттарымдын
бири да дал ушул. Ошондуктан учурда ушул мектепте менин эң сүйүктүү жана ардактуу болгон кесибим мугалимдик кесипти аркалап иштеп жатам. Мектепте өткөн ар бир сабактарыма изденип, чыгармачылык менен даярданып барып өткөнгө аракет кылам. Анткени кийинки өсүп келе жатканжаш муун улам тынчсызданууну жаратат. Дүйнө өзгөрүүдө, заман алмашууда илимдин баласынын жашоосундагы ролу да бир топ жогорулады.
Ошондуктан кийинки муунду тарбиялап жаткан адистерге кайрыларым тынбай окуп, билим алыш керек “Бирөөнү окуткун келсе, өзүн окуу. Анткени, баардык илимдин падышасы практика эсептелинет.
Биздин келечек — бул балдар. Балдарды буудайдын даны менен салыштырсак, буудайды эксек, убагында сугарып, жакшы карасак, түшүм мол болуп, токчулук болот. Балдарга да туура жол көрсөтүп, татыктуу билим жана тарбия берип өстүрсөк, келечектеги мыкты инсан чыгат.
Мугалим катары менин миссиям — жаш инсандын жан дүйнөсүн татаал жана албуут келген дүйнөнүн агымына даярдоо. Азыркы балдар сырткы чөйрөдөгү ар түрдүү таасирлерди түз кабыл алат.
Ар бир бала — бул жылдыз, ар бир жылдыз өзгөчө жаркырап, күйүп турсун десек, аларга убакыт жана күч жумшоо керек. Жылдыз канчалык жарык болсо, биздин жашоо ошончолук толук кандуу жана жаркын келечектүү.Эгер бийик, чексиз тепкичтери бар мунараны карасак, ал мунарага чыгыш үчүн , тепкичтер менен окуучулар барат, аларга мугалимдер жол көрсөтөт. Мугалимдин билими, тажрыйбасы, чыдамкайлыгы, тырышчаактыгы ар бир баланы бир тепкичтен экинчи тепкичке көтөрүлүүгө түрткү берет.
Ошентип биз мугалимдер окуучулардын ойлонуусуна, кийинки аракетине, жашоодогу кыйынчылыктардан коркпоосуна, чырмалышкан жолдо туура багыт алуусуна жардам беребиз» — деп билдирди Зарина Насыржанова.

Үстүбүздөгү жылы «Жыл мугалими — 2021» райондук кароо сынакты Сокулук районунунун билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулган.
Айсулуу Нурматова