.
Дүйнѳнү сестенткен коронавирус дарты 50 жаштан жогору курактагылар үчүн абдан кооптуу.

Иш үстүндө
Ошондуктан айылдын улгайган адамдарынан сурамжылоо жүргүздүк.
Айылдын почта кызматкери Галя Салерова төмөндөгүдөй дейт: “ Илдет башталгандан бери
айылдын тынчы кетти. Айылдын мед. кызматкерлери оорудан кантип сактануу керек
экендигин жакшы эле түшүндүрүп, кеп-кеңештерин берип жатышат. Ѳзүм дайыма эл
арасында жүргөндүктөн санитардык эрежелерди сактоого аракет жасап келем.
Пандемия учурунда бизге атайын бет кап, кол кап берип кѳзѳмѳлдѳп жатышты. Ар бир
адам ѳзүнүн жана үй-бүлѳсүнүн ден соолугун караш керек.
Күз айында кадимки сасык тумоого каршы эмдѳѳ алдым, Кудайга шүгүр, баары жакшы. Азыр
67 жаштамын, баарыңыздарга ден соолук каалаймын”.
Ал эми айылдын жашоочусу Кулова Асел: “Онокот оорусу бар, жашоо-турмушу начар болгон
кары-картаңдарга пандемия учурунда айыл ѳкмѳтү тарабынан атайын гуманитардык
жардамдар кѳргѳзүлүп жатты”,- деп билдирди.
Асел айым 4чү шаардык ооруканада санитарка болуп 13 жылдан бери иштеп келет. “Акыркы
эки жыл карапайым эл үчүн дагы, доктурлар үчүн дагы өтө оор жылдардан болду. Мен дагы
карантин учурунда обсервацияда 15 күн кызматта болдум, ал күндөр абдан оор күндөр болду.
Ошого карабастан санитардык эрежелерди бекем сактап келебиз”,- деп сөзүн жыйынтыктады.
Кызыл-Туу айыл өкмөтүндө жалпысынан кары-картаңдардын абалы жакшы. Айылдын үй-
бүлөлүк дарыгерлери тынымсыз иштеп, кеп-кеңештерин айтып, зарыл болгон учурда дары-
дармектер менен камсыз кылып турушат.
Учурда айылыбызда иш кызуу жүрүп жатат. Андыктан ар бир үйдө кары-картаң, жаш дебестен
чарбачылык, малина, кулпунай жана башка жер-жемиштерди өстүрүү менен көпчүлүк адамдар
өз иши менен алек.
Даярдаган: Момуналиева Нурзат