“Көнөк” жамааттык мультимедиа борбору

Сокулук району, Кызыл- Туу айылы

Пандемия учурунда бүтүрүүчүлөрдүн алгачкы кадамдары

8 Июнь 2021 жыл 22:40
Көрүүлөрдүн саны: 122

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кабыл алынган Чүй обулусунун Сокулук районунун Кызыл-Туу айылынын Саадаш Абдылдаева атындагы орто мектебинде акыркы коңгуроого бүтүрүүчүлөр менен мугалимдердин куттуктоолорун онлайн режиминде уюштурулду.


«Онлайн форматта өткөрүлүүчү «Бүтүрүүчү — 2021″ иш-чарасынын программасы жана аны өткөрүү шарттары Билим жана илим министрлигинин буйругу менен бекитилген жана бардык билим берүү уюмдарына таркатылган.

Буга чейин министрлик коронавирус инфекциясынан улам быйыл, 9-11-класстардын бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик экзамен тапшырбашын айткан. Бирок кайрадан министрлик тарабынан экзамендер аралыктан өткөрүлөөрүн билдиришкен. Бүгүн 8 — июнда мектепте орус тили жана кыргыз тили сабагынан 11 — класстарына аралыктан мамлекеттик сынак болуп өттү. Сынакта мугалимдер аралыктан окуучулар менен байланышып суролорду берип жатышты.

Экзамен алуу классы

 

Окуучулардын сынактары, чейрек сайын жазган жазма иштеринин жана чейректин, жылдык бааларынын негизинде орточо баа чыгарылып жана окуучунун жооп бергенини карап баа коюлууда.

Мугалимдер онлайн экзамен алуу учуру

Ал эми бүтүрүүчүлөрдүн келечекке алгачкы кадамы болгон жалпы республикалык тест офлайн түрүндө болуп, бүтүрүүчү класстын окуучулары активдуу катышып чыдамсыздык менен тесттин жыйынтыгын күтүп жатышат.

Тестке катышкан айрым бүтүрүүчүлөрдүн айтымында: «Бул тестирлөөдө суроолор кызыктуу жана татаал, убакыт аз. Кээ бир өз оюн ачык билдире албаган окууучулар үчүн абдан жакшы болгонун ошондой эле коррупцияга жол жок экендигин айтышты. Тестте окуучунун аң сезиминдеги эки башталыш так жана образдуу ой жүгүртүүсү кандай экенини аныктоо үчүн суроолор түзүлгөнүн билдиришти. Өлкөбүздө бүтүрүүчүлөр үстүбүздөгү жылдын 17 синен 23 майга чейин Жалпы Республикалык Тестирлөө тапшырышты.

Сурамжылоо: Онлайн окууда кандай кыйынчылык болуп жатат?
Нурзат Момуналиева