Ошентип балдар сагынып күткѳн жайкы эс алуу каникул мезгили да башталды.


Балдар жайлоодо
Үч айды ким кайда, кандай ѳткѳрѳм деп план түзүшүп, алды эс алууга да жѳнѳп кетишсе керек. Ковид башталгандан бери окуучуларды ата-энелери жайлоого таза аба, табигый тамак ашка бай жерлерге жибергенге ынтызар. Ошондой жайлоодо эс алуусун баштаган мектеп окуучусу Рамзан Адилов бизге тѳмѳндѳгүдѳй маалымат берди:
«Каникул башталаары менен биз жайлоого тайата –таэнемдикине ата-энелерибиз менен бирге эс алдык. Ал жак кымыз, сүт ичип жана бѳбѳкторүмдү ойнотуп абдан кызыктуу ѳткѳрдүк. Ал эми азыр үйдѳ апама үй иштерине жардам берип жатам. Биз мурда шаарга паркка чоң ата, чоң апамдыкына барчубуз, коронавирус башталгандан бери бизди ата-энебиз андай жерлерге алып барбайт, себеби, оору жуктуруп алуунар мүмкүн дешет. Эми буюрса Ысык –Кѳлгѳ барып келебиз деп жатабыз үй- бүлѳбүз менен бирге».

«Алтын уя» бала бакчасы

Балдар ойноодо
Ал эми Кызыл-Туу айылында каникул учурунда кѳпчүлүк ата-энелер күткѳн «Алтын уя» бала бакчасы ишке кирди. Бул убакка чейин COVID-19 илдетине байланыштуу бала бакча иштебей жаткан. «Алтын уя» бала бакчасынын жетекчиси Касымалиева Рахат билдирүүсү боюнча:
«Алтын уя» бала бакчасынын балдары азыркы учурда саат 13.00 го чейин каралып жатышат. Бакчада балдар үчүн баардык санитардык иш-чаралар жүргүзүлүп, тазалыкты бекем сактап балдардын ден-соолугуна кам кѳрүп жатабыз. Эртен мененки саат 7.00 дон баштап балдарды кабыл алуу башталат. Алардын температурасы текшерилип, колдорун антисептик менен тазалап андан соң бакчага киргизебиз. Ата-энелер атайын байланган кызыл лентадан ѳткѳнгѳ тыюу салынган жана көп адамдар чогулганга болбойт. Кѳп убактан бери бала бакча иштебегенге балдарыбыз абдан сагынып кубанычта келип кетип жатышат».
Нурзат Момуналиева