“Көнөк” жамааттык мультимедиа борбору

Сокулук району, Кызыл- Туу айылы

Кыргыздын туусун желбиреткен жигиттер

14 Август 2021 жыл 21:56
Көрүүлөрдүн саны: 418

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Кызыл – Туу айылынын тургундары, жигиттери Ысык – Көл облусуна караштуу Чолпон – Ата шаарында өткөн Дүйнө Чемпионаты Грэпплинг жана ММА- Эрежесиз уруш таймашына барып, кыргыздын желегин дүйнөлүк деңгээлде желбиретип, байгелүү орундар менен кайтышты.

Дүйнөлүк Чемпионатка жети мамлекеттен 8 жаштан, 19 жашка чейинки уландар күч сынашты, Кызыл – Туу айылынан 9 улан катышышты. Данияр Аргалиев МАА «Kyzyl – Tuu fighters» спорт тайпасынын машыктыруучусу жол көрсөтүп, дыкаттык менен даярдап, шакирттери менен байгелүү орундарды багындырып келишти.
4 өлкө менен таймашып 1 – орунду багындырган Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Кызыл – Туу айылында 2003 – жылдын туулган Жолдошев Умар өз сөзүндө:

«Таймаш мага абдан жакты, толкундануу сезими болду, 4 өлкө менен күч сынашып 1 – орунду багындырдым. Жеңишим менен эң биринчилерден болуп ата – энем куттуктады. Алдыда ата – энемдин сыймыгы болгон, ар бир өлкөдө өлкөбүздүн туусун желбиреткен инсандардан болууну алдыга максат койдум».

Таймашка барып 1 – орунду багындырган 2004 – жылы Кызыл – Туу айылында туулган Мерген Калмырзаев бизге берген маегинде мелдеш абдан кызыктуу жана жогорку деңгээлде кереметтүү Ысык – Көлүбүздүн Чолпон – Ата шаарындагы Газпром спорт комплексинде өткөндүгүн маалымдады.

«Мелдеш учурунда толкундануу болду, бул менин биринчи ийгилигим жана жеңишим болду. Жеңишимди туулуп өскөн айылыма, бапестеп өстүргөн ата – энеме жана жалпы кыргыз элиме арнайм. Буйруса келечекте чоң – чоң ийгиликтерди багындыруу менен бирге кыргыздын желегин дүйнөлүк аренада желбиретүүгө талыкпастан аракет кылам жана сөзсүз ишке ашырам. Жеке мелдеш учурунда эмес, мелдештен кийинки толкундануу, кубаныч сезимдерин сөз менен айтып жеткире албайм, себеби ийгилигим, жеңишим менен ата – энем, туугандарым, досторум жана айылдаштарым телефон чалып куттуктап жатышты. Бизди өз баласындай көрүп, акыл насаатын айтып, ийгиликти жаратууга себепчи болуп келген Данияр Аргалиев агайыбызга терең ыраазычылык билдиребиз. Тренерибиз бизди жеке эле спорт жагынан машыктырып тарбиялабастан, жошоодо ак караны ажыратып билүүнү, адептүү, ыймандуу жана ынсаптуу жигиттерден болуубузга үндөп, түз жол көрсөтүп, ар дайым акыл насаатын айтып келет».

Данияр Аргалиев Кызыл – Туу айылында педагогдордун үй – бүлөсүндө 1980 – жылы 12 – апрелде туулган. Данияр Аргалиев 6 жашынан спорт дүйнөсүнө аралаша баштаган, өзүнөн 6 жаш улуу агасы күрөшкө катышкандыктан чогуу алып барып, катыштырып жүргөн. Алты жашынан 23 жашына чейин күрөшүп, ММА жаатында ар кандай сынактарга катышып, Кыргызстандын, Орто Азиянын чемпиону аталып, дүйнө биринчиликтеринде байгелүү орундарды ээлеп келген. 2019 – жылы «Европа мамлекетинен Прагага барып абсолюттук спорттук мушташка чыгып, бою 2 м 30 см, таза слмагы 130 кг мушкер менен мушташып, башталганда эле 2 соккусун өткөрүп, көптөн бери таяк жей элек элем, таяк жейт деген ушу турбайбы деген ой келди 5, 10 секундада, бирок кудайга шүгүр ошо мелдеште мушкерди жеңип алдым. Биринчиден Алланын жардамы жана көптөгөн жылдар бою талыкпаган мээнеттин артынан багындырган ийгилигим деп ойлойм»,- деген кызыктуу окуясы менен тең бөлүштү.

Данияр Аргалиев

 

Машыктыруучу жеңүүчүлөр менен

Мерген Калмырзаев- шакирти

Учурда Данияр Аргалиев 18 шакиртин талыкпай машыктырып, ар бирине өзүнчө өзгөчө мамиле жасап, кам көрүп, ойлонуп, толгонуп, сарсанаа болуп, байкелик, устаттык мээримин төгүп жана келечектин даңгыр жолун көрсөтүп келүүдө. Келинчеги Мубина менен эки уулду татыктуу тарбиялап өстүрүп келишет.

Умар Жолдошев- шакирти

 

Айсулуу Нурматова