“Көнөк” жамааттык мультимедиа борбору

Сокулук району, Кызыл- Туу айылы

Кызыл-Туу: Мектептер окуучуларды кабыл алууга даяр

18 Август 2021 жыл 22:55
Көрүүлөрдүн саны: 87

Учурдагы пандемияда өлкөнүн ар бир облусу, айыл өкмөттөрү жабыр тартууда. Учурда эпидемиялогиялык абал курч бойдон калууда.

Айыл өкмөт кызматкерлери

Бирок ага карабастан балдардын мектепке баруусу маанилүү экендигин коомчулук билдирүүдө.
Пандемия шартында балдардын окууга даярдыгы кандай деген суроого бүгүн жооп издедик. Кызыл-Туу айылынын Саадаш Абдылдаева атындагы орто мектебинин кызматкерлери мектептин быйылкы ремонт иштери аяктап өз окуучулары үчүн эшик ачык экендигин билдиришти.
Министрлиги тарабынан берилген айрым маалыматтарга таянсак, эгер мектеп мугалимдери тарабынан 70% вакцина алынса анда мектепти офлайн тартибинде ишке киргизүүгө мүмкүн деген маалыматтар айтылды.
Буга байланыштуу, учурдагы абал боюнча Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Валентина Чоноевадан төмөндөгүдөй маалыматты алдык:
«Мугалимдер үчүн билим берүү биринчи орунда турат эмеспи. Алар үчүн онлайн түрүндө эмес өздөрү көнгөн тартипте иштөө бир топ ынгайлуу. Биздин айылдын мектеп директору баш болгон мугалимдер вакцина алууда абдан активдүү болушту. Ал эми пандемия учурунда балдардын окууга даярдыгы жөнүндө айтсам, көпчүлүк окуучуларды азыркы учурда уюлдук телефондор, телевизор менен камсыздалган десем болот. Бул боюнча биз сурамжылоо да жүргүзгөнбүз. Окуучуларды азыр интернеттен алынган маалыматтардан улам кадимкидей 15-сентябрда окуу башталат деген маалыматка ишенишүүдө. Андыктан окуучулар да , мектеп да онлайнга да же болбосо офлайн тартиптеги окууга да даяр деп айтмакчымын.

Ошондой эле быйыл атайын формада сөзсүз кийүү милдетүү эмес деген маалымат бар. Азыр балдарыбызды дептер калемин алып берип даярдап баштасак ашыкча болбойт. Кудай буюрса сабырдуулук менен баарын жеңебиз деген ишеничтемин.»

Класстык бөлмөлөр ремонттон өткөн, окуу башталып калса даярдык бар

 

Нурзат Момуналиева