“Көнөк” жамааттык мультимедиа борбору

Сокулук району, Кызыл- Туу айылы

Кыргыз тили кылымдарды карыткан

24 Сентябрь 2021 жыл 13:55
Көрүүлөрдүн саны: 349

Жалпыбызга маалым болгондой 23-сентябрь Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнү.

Мамлекеттик тил майрамы

 

Тагыраагы, мындан 32 жыл мурун 1989-жылы 23-сентябрда кыргыз тили мамлекеттик тил деген статуска ээ болуп, ошол күндөн бери бул күн өлкөбүздө тил майрамы катары белгиленип келет.

Бүгүн «Тилиң -тарых, тилиң-күзгү дилиңе, кимдигиңе тилиң күбө ириде» — деген темада салтанаттуу линейка Чүй облусунун Сокулук районунун Шопоков шаарындагы экология-экономикалык мектеп-лицейинде болду.
Линейкада дилбаяндар сынагы, кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал акындардын эне тилге арналган ырларын көркөм айтуусу жана “Манас эпосунан” үзүндүлөрдү айтуу менен бирге улуттук оюндар ойнотулду.

Кыргыз тили күнү

 

Кыргыз тили-мамлекеттүүлүгүздүн белгиси, элибиздин ынтымагынын, биримдигинин негизи, көөнөрбөс руханий казынабыз. Эгемендүүлүктүн туусун бийик желбиретип, өнүккөн өлкөнү курууга мамлекеттик тил данакерлик, жаратмандык милдетти өтөп келет.

Адамзаттын маданий кенчи «Манас»сыяктуу теңдешсиз эпостун, залкарларыбыз Алыкул Осмонов жана Чынгыз Айтматовдун чыгармалары ар дайым Кыргызстан элинин ынтымагына, жакшылыгына, өнүгүүсүнө өбөлгө болсун.

Кыргыз тили майрамы

 

 Абдыразак Казакбаев