“Көнөк” жамааттык мультимедиа борбору

Сокулук району, Кызыл- Туу айылы

Улуттун жүзү тилинде

26 Сентябрь 2021 жыл 23:39
Көрүүлөрдүн саны: 209

Сокулук районунун Гүлсина Капарова атындагы орто мектебинин кыргыз тил мугалимдеринин багыты менен окуучулар тил майрамына карата иш — чара уюштурушту.

Кыргыз тил майрамы

23 – сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү. Мындан туура 32 жыл мурун, тагыраак айтканда 1989 – жылы 23 – сентябрда Кыргыз  тили мамлекеттик тил деген статуска ээ болуп, ошондон бери бул күн өлкөдө тил майрамы катары белгиленип келет.

Иш — чарада «Манас» эпосунан үзүндү айтылып, тил жөнүндө көркөм окуулар, ыр саптары айтылып, улуу окумуштуулардын учкул сөздөрү, макал – лакаптар айтылып, комузда кол ойнотуп, чыныдан музыка чыгарышып, кыргыз тили даңазаланды.
«Окуучулардын мекенди сүйүү сезимдери ойгонуп, тилге болгон көз караштары өзгөрдү”,- деп билдирди мектептин директору Гульазар Муонбаева.

«Кыргыз тилине мамлекеттик статус ыйгарылышына 32 жылдын жүзү болду. Кыргыз тили – баа жеткис улуу мурас. Тилди сактап муундан — муунга өткөрүп берүү ар бир инсандын милдети экенин түшүнүшүбүз керек», – деп оюн билдирди мектептин кыргыз тилинин усулдук бирикмесинин жетекчиси Бермет Кенжебаева.

 Айдай Джолчубекова