Саламатсызбы? Абдусамат алгач өзүңүз жана үй-бүлөңүз жөнүндө тааныштыра кетсеңиз.

Кайрымдуулук акциясына катышуу учурунда
-Саламатсызбы? Мен Кадыркулов Абдусамат Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Исанов айыл аймагындагы Кичик — Алай деген кыштакта 2001- жылы 19- сентябрда жарык дүйнөгө келгем . Уй-бүлөмдө эң кенжесимин , менден чоң бир агам , эки эжем бар . Ата — энем жөнүндө айта кетсем — атам Кадыркулов Рахманберди мамлекеттик ишмер болгон , тилекке каршы атабыздан 2003- жылы мен бир жарым жашка толгонумда айрылып калганбыз , бирок ошентсе да жаштыгымда атамдын жоктугу эч байкалган эмес , атамдын бере турган тарбиясын элден алдым десем эч жаңылышпаймын , туулуп өскөн айылыма барып калсам , жолуккан ак сакал аталарым сен Рахманбердинин баласысыңбы деп токтотуп атамдын көп жакшылыктарын айтып, атаң ушундай болчу, атаң мындай кылбачуу деп көп айтып калышчу. Ошол сөздөрдөн кийин эле чыныгы жакшы инсан кандай болот экенин эмне кылганга болбоорун жана эмне кылса болоорун мээме туйуп алчуумун. Эми дүйнөдөгү эң баалуу байлыгым апакем жөнүндө айта кетсем. Апам Сатарова Гүлсүн жаш кезинен спортко жакын болчу экен. Мындан ары да көптөгөн ийгиликтерге жетүүгө талпынтып турган бул апамдын жүзүндөгү жылмаюу.
— Рахмат. Эми билимди кайсыл мектептен алгансыз, мектептеги кызыктуу учурларыңызды эскере кетесизби?
Билим дүйнөсүнө алгач таштаган кадамым 2009- жылы Чуй облусунун Аламүдүн районундагы Мрамор орто мектебинен башталган 6-классымда Себат лицейине тест тапшырып өтүп кеткем, бирок ал окуу жайдын акысы кымбат болгондуктан окубай калганмын. Бул нерсе мени өтө капалантты, жаштык деп коет эмесби, үй-бүлөм каржылай албайт экенин ал кезде түшүнгөн эмесмин . Кийин ошол эле жылы 7-классты Чуй облусунун Сокулук районундагы Ат-Башы орто мектеп — лицейинен баштадым жана 2020-жылы бул мектепти жалаң беш деген баа менен аяктап .
— Учурда кайсыл жактан билим алып жатасыз?
— Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясына тапшырып учурда 2- курска көчүп окууну чыдамсыздык менен кутуп олтурган кезим.
— Абдусамат сиз коомдук иштерге активдүү катышасыз. Бизге жетишкендиктериңиз жөнүндө кеп сала кетсеңиз.
— Мен жаш кезимден эле башкалардан өзгөчөлөнүп , бир иш — чара болуп калса баш отум менен ошого кирип бир да иш-чараны калтырбай катышууга аракеттенип жүрчүмүн . Коомдук иштерге активдүү катышуу бул менин эң жакшы хоббимдин бири болуп эсептелет жана бул хоббим мени менен мектепте окуп жүргөн кезимден азыркы маалга чейин келе жатат .
Жетишкендиктеримдин баарын айтпай эле мен үчүн эн маанилүүлөрүн эле айта кетсем:) .
Мекенибиздеги мектептердин кээ бир маалыматтарын тактоо үчүн көрсөткөн 3 айлык көмөгүм үчүн Кыргыз Республикасынын Билим Берүү жана Илим Министирлигинен ыраазычылык кат жана 1500 сомдук сертификат менен сыйландым.
Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнө арналган тогуз коргоол боюнча мелдештен байгелүү орун алып мактоо баракчасы жана акчалай сыйлык алгам.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри тарабынан жетишкендиктерим үчүн мактоо баракчасы жана Көчкөн Саткановдун «Маркумдар үнү» китебин алгам.
Юнисеф уюму тарабынанда бир нече мактоо баракчаларым бар .
Салымбеков бизнес мектебинде Кыргызстандын жаш лидерлери курсун ийгиликтүү аяктап ал жактан да бир нече сертификаттарга ээ болгом.

Сыйлык алуу учурунда
КМШ нын мыкты студенти деген сыйлыкты былтыр Кыргызстандан жаңылышпасам 23 студент алган болсо керек, анан ал студенттерди көрүп мектепте окуп жүргөн кезимде эле ушулар алган сыйлыкты мен да алам деп өзүмө өзүм сөз берип катышам деген ойлор жарала баштады . Быйыл март айларында уюштуруучулар документтерди кабыл ала баштаптыр деген жаңылыкты дос балдарымдан угуп калып , издеп катышуу тартиптери менен таанышып чыгып өзүмдүн өмүр баянымды жетишкен ийгиликтеримди жөнөтүп койдум. Алгач өтөм деп эч ойлогон эмесмин, анткени ал учурда мен болгону 1-курста окуйт элем. Бирок кыялдар орундалат тура арадан бир ай өтүп-өтпөй кубанычтуу кабар келди. Сыйлоо аземине катыша албадым анткени, ал учурда мен Москвада эмгектенип жүргөн элем, ошого байланыштуу сыйлыгымды почта аркылуу алдым.
— Студент болуп жүргөн кезде ар бирибиздин эсте калган күндөрүбүз болот. Сиздин эсте кала турган учурларыңыз барбы?
— Студент учурдагы эң эле эсте каларлык учур . Онлайн окуп жатканда болду . Бул күндөр өмүр бою эсимде калаар. Биздин айылдын айыл деген статусу жоктугуна байланыштуу мамлекет тарабынан анча көңүл бурулбай келе жатат . Мисалы , айылыбызда электр энергиясынан көйгөйлөр болуп трансформаторубуз бузулуп кала турган болсо, аны тезинен ондоп түзөө иштери жүргүзүлбөй келет. Бул убакыттарда мен бир айылдан экинчи айылга антенна издеп көчөдөн сабак кылган күндөрүм аябай көп болду .
— Бош убакытыңызды эмнеге коротосуз?
Мен болушунча бош убакытымды текке кетирбей билим , илим алууга аракет кылып келүүдөмүн . Учурда «Биригели жаштар» коомдук бирикмесинин , мектеп менен иш алып баруу бөлүмүнүн спикери болуп эмгектенип келем. Бош убакыттарымда мектептерге барып окуучуларга семинар өтүп өз билген нерселеримди, бизден кийинки муун менен бөлүшүп , колдон келишинче окуучулардын окууга деген кызыкчылыгын арттырууга басым жасап келем .
Кээде ыр жазам , бирок ырларым башкалардыкынан өзгөчөлөнүп турат , башкача айтканда көбүнчө саясий ырларды жазам, ырларымда чиновниктерди сындаган саптар көп болгондугуна байланыштуу азырынча көп ырларым ачыкка чыкпай келет. Балким кийин чыгып калаар , бирок азырынча корккондугума байланыштуу чыгара албай келем .
Ыр жазуудан тышкары китеп окуганды да аябай жакшы көрөм . Мага өзгөчө жаккан жана таасир берген китеп бул Көчкөн Саткановдун «Маркумдар үнү» китеби болду. Ал китепте башкы каарман Гапар Айтиев Москвага келип кооздугуна суктанып Москвага караганда биздин Бишкек кичинекей эле айыл көрүнүп калат экен деген саптарын окуп калган элем, өзүм да Москвага келип дал ошол Гапар Айтиев кандай сезимде болсо мен да ошондой эле сезимде болдум . Москва өнүккөн а Бишкек дале ошол бойдон .
— Келечегиңиздеги пландарыңыз жөнүндө айта кетсеңиз.
— Болочокто Кыргызстандын келечегин ойлогон сатпаган сатылбаган адал иштеп , ак эмгек кылган элимдин эң алдыңкы саясатчыларынан болгум келет .
Бир күнү ойго батып өзүмдү депутат деп элестетип кыялдана баштадым эле элдин баары урматтап баары ыраазы болуп жүрүшөт , кийин мени кимдир бирөө атып көз жумуп калат экем. Ошондо көзүм өткөндөн кийин да адамдар мени эстеп мени урматтап жакшы жактарымды айтып мактап жатканын көрүп . Эгер мен ак иштей турган болсом, өзум өлсөм да атым өчпөйт экендигине ынандым жана сөзсүз түрдө ошол кыялымдагы депутат болом деп өзүмө өзүм сөз бердим. Буйруса кыялдар орундалат, бүгүн болбосо эртең эртең болбосо үч күндөн кийин бирок баарыбир орундалат тек гана жеңилип артка кадам таштабоо керек. Жакшы күндөр алдыда!
— Азаматсыз Абдусамат келечек илимдүү, билимдүү жаштардын колунда тагыраагы сиздердин колдо. Ишиңизге ийгилик бар болуңуз. Талыкпай мекен үчүн кызмат кылып жүрө бериңиз.

Сыйлоо аземинде
Даярдаган: Айдай Джолчубекова, Абдразак Казакбаев