“Көнөк” жамааттык мультимедиа борбору

Сокулук району, Кызыл- Туу айылы

Балдар жазуучусу окурмандары менен жолугушту

23 Февраль 2022 жыл 22:00
Көрүүлөрдүн саны: 311

Балдардын тилин, оюн, эмне кааларын, кандай жомок, аңгеме угарын билген жазуучу Аман Карымшаков бул иш сапарында Чүй облусунун Сокулук районунун Новое айылындагы Гүлсина Капарова атындагы орто мектебине келип, башталгыч класстарга жана 5 – класстын окуучуларына өз кол жазмасы менен жазылган китептерин окуп берди. 

Балдар жазуучусу Аман Карымшаков

Бала деп мээрим төккөн асыл агай,
Жүрөктө бир сөз калсын деп жанын берген агай.
Тээ алыскы жолдон келип биздин мектепке,
Күн нурун төгүп турган агай демекчи,

Окуган китептерин окуучулар жана мугалимдер да суктануу менен угуп олтурушту.
Баарына жеткиликтүү, таасирдүү кылып, окуучулардын эсинде кала тургандай кылып окуп берди. Аман Карымшаков агайдын чыгармачылыгына кызыгышып, кызыккан суроолоруна жооп алышып, кызыктуу суроо берген окуучулар агайдын кол тамгасы менен жомок китептерин белекке алышты.
Гүлсина Капарова атындагы орто мектебинин китепкана башчысы Анара Давлетбакова кечеден соң буга чейин китеп окууга кызыккан жана китепканадан китеп алып окуп жүргөн окуучулар жана жазуучу талкууну улантышты жана китеп окуу марафонун өткөрдү.

Жолугушуу учурунда

Иш – чаранын соңунда мектептин жалпы жамаатына, мугалимдерге, мектептин администрациясына ыраазычылыгын билдирип, каалоо- тилегин айтуу менен бирге өзүнүн кол тамгасы басылган жомок китептеринен бирден белекке берип, мындан ары да кызматташып турууга даяр экенин баса белгилеп өттү.

Кыргыздын акын, жазуучулары ушундай жолугушууларды көп уюштуруп турушса, балким биздин Мекенде китепке кызыгуулар күч алып башташат деген ишеничтебиз.
Аман Карымшаков акын, жазуучу агайыбыздын ишине ийгилик каалап, көптөгөн чыгармаларды жаратып биз менен ушундай жолугушууларды өткөрүшүп турушуна тилектештигин мугалимдер билдиришти.

Бакирдинов Рамзан 3 – ,,а” классынын окуучусу:
“Мага бүгүнкү жолугушуу кече абдан жакты. Өзгөчө агайдын жомокту образга кирип окуп бергени, жомок китептердеги сүрөттөрдү өз колу менен тарткандыгы жакты. Агайдын жомок китептерин алдык, үйгө барып окуп, буйурса сөзсүз билимдүү болууга аракет жасайм. Себеби биз өзүбүз үчүн чоң мотивация ала алдык. Белгилүү, атактуу инсандар менен жолугушуу кечелери байма – бай болуп турса, китеп окууга өбөлгө болоор эле”.

Мамытбекова Бибинур 5 – ,,а” классынын окуучусу:
“Бүгүнкү жолугушуу кечеси абдан кызыктуу жана сонун болду. Агай бир гана жомокторду гана эмес таалим – тарбия бере турчу макал, учкул сөздөрдү жазганы жакты. Мен да жомок жазууга кызыгам, ошон үчүн агайга сизден акыл, насаат алсам болобу деп сурасам, албетте болот деп, байланышуу үчүн телефон номерин берди. Азыр мен абдан толкунданып жана сүйүнүп жаткан учурум. Болочокто агайдын жолун жолдоп балдар үчүн чыгармаларды жазууга аракет жасайм. Агайга, мугалим эжейлериме терең ыраазычылык билдирем, бизге ушундай мүмкүнчүлүк түзүп бергендиги үчүн”.

Аида Раджабова, Айдай Джолчубекова