Кичинекей мектеп экен, бирок андагы адамдардын жүрөгү кенен экен
23 — апрель бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү. Ушу күндү утурлай Чүй облусунун Сокулук районундагы Гульсина Капарова атындагы орто мектебинде китеп күнүнө арналган Сокулук райондук китепкана башчыларынын семинары болуп өттү.
Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков
Семинарга Сокулук районунун 30 мектебинен китепкана башчылары жана ,,Ыйман нуру» парламенттик фракциясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков жана Табылды Муратбеков агайлар катышышты.
Семинарга келген китепкана башчылары жана мектептин эмгек жамааты, окуучулары үчүн Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбековдун келүүсү чоң бакыт, дем күч жана шыктандыруу тартуулап, чексиз кубанычка бөлөдү.
Семинардын алкагында Чүй облусу Сокулук району боюнча эң биринчи ирет ,,Бир адамдан бир китеп» долбоорунун алкагында Гульсина Капарова атындагы орто мектебинде өткөрүлүп жаткан семинар жана китепкананын ачылыш аземи болду. Китепкананын ачылыш аземинде Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков, ,,Бир адамдан бир китеп» долбоорунун негиздөөчүлөрүнүн бири Табылды Муратбеков жана мектеп директору Гульазар Муонбаева кызыл тасма кесишип китепкананы ачышты.
Андан соң Нуржигит Кадырбеков китепкана башчылары, мугалимдер жамаатына семинар өтүп берди.
Сокулук районунун библиотека башчылары
Нуржигит Кадырбеков өз сөзүндө:
“ Китепти көп окуш керек, сөз байлык өсөт, китепти ачсаң эле дароо кызыктуу нерсе табасың эгер ал жакшы китеп болсо, ошон үчүн дайыма айтам дос тандагандан , кесип , жубай жана китеп тандоодон адашпаш керек. Бирөөлөр мактаса эле окуй бербөө керек деп китепти барактап жатып мынакей китепти ачсаң эле пайда табасың,
тилиңди тый, тил жарасы бычак жарасынан да оор, илим жөндөн жөн жоголбойт, илим аалымдардын кетүүсү менен жоголот, мисалы Чубак ажынын кетүүсү бул илимдин учуусу деген сөз» деген керемет сөздөрүн айтып берип, окуучулар менен таза абада, ачык асманда семинар өтүп берди.
Мугалимдер жамааты
Китепкананын жетекчиси Анара Давлетбакова даярдаган класстан тышкаркы иштер окуучулар өз өнөрлөрүн көрсөтүп, чыгармалардан үзүндү аткарып беришти.
Окуучулар күү аткаруу учуру
Окуучулардын талантына суктанып жылмаюу менен карап олтурган Нуржигит Кадырбеков:
,,Мектеп кичинекей болсо да, ичиндеги адамдардын жүрөгү кенен экен.
Окуучулар азаматтар аруу таза сезимдери, таланттарына таазим, каармандардын образын жеткире аткардыңар, өзүмө жазып койдум. Кудай буйруса үйгө барып кыздарыма сөздөрдү жаттатып театр уюштурам» деп окуучуларды алкады.
Окуучулар менен жолугушуусунда ,,Уюлдук телефонду кечке карап олтуруу эч жакшылык алып келбейт, көздүн нурун кетирет. Олтурганда кежигеде бүкүр пайда болот ошол ден- соолукка аябай зыян, омуртка түз болбой калат, омуртка түз болбосо омурткадан жел өтпөйт, жел өтпөсө мээнин иштөөсү начарлайт, кан айланбайт, жашоодо береке болбойт, ошон үчүн көп эле телефон карай бербей китеп окугула. Күлүп жайнап, жашоону шаңдуу жашайлы. Жакшылыкка чакыралы, жамандыктан кайтаралы. Китепти көп окуса ой жүгүртүү өсөт, сөз байлык өсөт, андыктан ОРТга китепти көп окуп ой жүгүртүүнү өстүрсөңөр сөзсүз ийгиликке жетесиңер. Алдыга дайым чоң чоң максаттарды коюп, Аллахтан аруу тилектерди тилеп бактылуу болгула» деп окуучуларга дем күч берди.
Адамгерчиликти жогору коюу жана жөнөкөй инсан болуу менен бирге бирөөнүн акысына кирбей ,,Жакшыны айтып жаялы, жаманды айтпай жоелу» деген мотивация берүүчү сөздөрү айтып берди.
Семинар эсте калаарлык жана эң жогорку деңгээлде өттү.
Семинарда китеп жөнүндө ырларга мектептин музыка мугалими Бүбүсара Жалалова өзү обон чыгарып окуучулар обондуу ыр ырдашып, ансамбль менен комузда, шылдыракта жана чыныда кол ойнотушту
Учурдан пайдаланып Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков жана Табылды Муратбековго, Гульсина Капарова атындагы орто мектебинин эмгек жамаатынын атынан ыраазычылык билдиребиз.
Даярдаган: Айдай Джолчубекова
Абдразак Казакбаев