Сокулук районуна караштуу Конуш айылынын Акитай Исаков атындагы башталгыч мектебинин 2021-2022 окуу жылынын 1-классынын «Ааламга жол-Алиппеден башталат» аталыштагы «Алиппе»майрамы болуп өттү.
Жомок аткаруу учуру.Билим башаты болгон «Алиппе» китебин колдоруна алып,алгач мектеп босогосун аттаган мотурайган менин сүйүктүү окуучуларым бүгүн өз алдынча окуп калышты.»Ааламга жол-Алиппеден башталат»,биздин максатыбыз:
а)Окуучулар алган билимдерин жыйынтыктап,сүйлөө речинде колдонууга көнүгүшөт.
б)Элдик педогогиканын элементтерин колдонуп, дүйнөгө болгон көз караштары калыптанат.
в) Окуучулар бири-бирин сыйлоого, жардамдашууга тарбияланышат.
Энелер мектебин негиздөөчү , көптөгөн мыкты иштердин жарчысы Гапыр Мадаминов агайыбыздын «Улуу максат — улуу күчтү жаратат «,- деген сөзүндө айтылып тургандай ,биз окуучуларга туура максат коюну жана максатка жетүүнү үйрөтүшүбүз керек.Ар бир окуучумдун келечекке улуу максат менен талпынып,уча беришин каалайт элем.»Алиппе» майрамында окуучулар өз өнөрлөрүн , таланттарын тартуулашты.
Алиппебиз алтын китеп ачылган ,
Тамгалары бермет шуру чачылган ,
Босогосун ачып бизге билимдин,
Алиппебиз бизге арналып жазылган,дегендей Алиппе китебинен жаттаган ырларын,окуган жомокторун айтып,аткарып беришти.Айкөл Манасыбызды даңазалап,балдар Манас айтышты,ыр бийлер менен коштолуп жатты.Экинчи эне тилибиз болгон орус тилинде дагы ырларды,жомокторду ийине жеткире аткарып берип,конокторду таң калтыра алышты.Орус тили мугалими Кучкачева Альфия эжекебизге терең ыраазычылык билдирип,ишине ийгилик каалайм.
Башталгыч класстын окуучулары.
Алиппе китебибизди АЭМдин (Акыл эмгек маданияты) 7 алгаритмине салып жыйынтык жүргүзүлдү.Мектеп директору Сыдыков Дүйшөн агайыбыздын 1- класстын окуучуларынын ийгиликтерине, жетишкендиктерине дайыма кубанычта.Окуу бөлүм башчысы Бөлөкбаева Айнура,тарбия бөлүм башчысы Жумалиева Салтанат жана башка мугалимдер келип, күбө болуп жылуу сөздөрүн айтып,окуучуларыма окуудагы ийгиликтерди каалашты.Ата- энелер дагы өз балдарынын талантына күбө болушту. Мен учурдан пайдаланып жалпы ата- энелерге,алардын ичинен өзгөчө Иметалиев Салмоорбек, Абасов Дамир, Качкынчиев Самат агаларыбызга жана Нурсакова Бактыгул, Иметалиева Алина эжелерибизге терең ыраазычылык билдирем!Окуучулардын эмгегин баалап, атайы таттууларды,белектерди беришти.
Даярдаган: Акылыйма Бактыярова,Айдай Джолчубекова