“Көнөк” жамааттык мультимедиа борбору

Сокулук району, Кызыл- Туу айылы

Эки алтын медалдын жеңүүчүсү Нагира

11 Октябрь 2022 жыл 12:48
Көрүүлөрдүн саны: 327

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Исмаил айылынын тургуну Нагира Сарбашова Туркия мамлекетинин Изник шаарында 27 –сентябрдан 3 – октябрга чейин өткөн мелдешке катышып 2 алтын медалдын жеңүүчүсү болуп келди.

Изник шаарында

Нагира Сарбашова 1989 – жылы 5 – апрелде Кызыл – Туу айылында жарык дүйнөгө келген. Күрөш менен 14 жашынан баштап күрөшүп келет. Өз карьерасын Дзюдо менен баштап, андан соң Алыш бел боо күрөшү менен машыгып, байгелүү орундарды багындырып келет.
Туркия мамлекетинин Изник шаарында болгон күрөштө 2 алтын меделды багындырды. Нагира Сарбашова өз сөзүндө: 90 мамлекет 3000000 спортчу катышты, биринчи беттеште 5 киши болдук, экинчи беттеште 6 киши болуп, 2 алтын медалга жана акчалай байгеге ээ болдум. Алыш күрөшү боюнча командалык күрөш болду, анда жалпы 9 алтын, 6 күмүш, 7 коло, жалпы 22 медалды утуп келдик.

Мелдеш учурунда

Нагира Сарбашова учурда Кызыл – Туу айылынын Саадаш Абдылдаева атындагы орто мектебинде дене тарбия мугалими жана күрөш боюнча тренер болуп эмгектенет.

Айдай Джолчубекова