“Көнөк” жамааттык мультимедиа борбору

Сокулук району, Кызыл- Туу айылы

Сокулук: Күз майрамы

4 Ноябрь 2022 жыл 6:23
Көрүүлөрдүн саны: 94

Чүй облусунун Сокулук районундагы Кызыл-Туу айылында Саадаш Абдылдаева атындагы орто мектебинде “Күз майрамы “ болуп өттү. Аталган мектептин 5 – 8 классынын окуучулар арасында көргөзмө уюштурулду.

Жемиштерден жана күзгү жалбырактардан икобана жана салттуу эмес материалдардан кийимдерди жасап чыгышты. Күзгү бал конкурсу 9-11 класстар арасында өттү. Бул программада күзгү вальс жана тамашоу көргөзүштү.

«Жалпы мектептерде карантин болуп иш -чаралар өтпөй калган. Конкурстун жыйынтыгында окуучуларга белектер тапшырылды» -деп билдирди Көркөм өнөр жана технология мугалими Элеонора Дыйканбаева.

Жийдегүл Талантбекова