“Көнөк” жамааттык мультимедиа борбору

Сокулук району, Кызыл- Туу айылы

Салтка айланган китеп окуу сынагы Орок орто мектебинде өттү

4 Апрель 2023 жыл 18:27
Көрүүлөрдүн саны: 216

Китеп окуу кийинки мезгилдерде чоң көйгөйгө айланып, айрыкча жаш өспүрум балдарыбыздын көпчүлугү китептин бетин ачпай, гаджеттерге берилип, телефондон баш көтөрбөй жаткан мезгил болду.

Сынактын жеңүүчүлөрү

Ушундай көйгөйлөрдөн улам балдарды жалпы эле коомчулукту китеп окууга тартуу, кызыктыруу максатында чоң-чоң иш-чаралар, долбоорлор жүргүзулүп жатат. Ушундай максатта 2023-жылдын 1-апрелинде Сокулук районундагы Орок орто мектебинде көп жылдык тажрыйбалуу, чыгармачыл мугалим Сайкал Акматованын уюштуруусу менен мектептеги “Бирге окуйбуз”долбоорунун алкагында залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун “Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт” чыгармасы боюнча эне-бала болуп, “Бирге окуйбуз”китеп окуу сынагы өткөрүлдү.

Сынактын жарыяланганына эки ай болгон, балдар апалары жана өзүнө жакын адамдары менен биргеликте даярданышты. Белгиленген күнү катышуучулар ар кайсы класстарга бөлүнүп, 60 суроодон турган тест тапшырышты. Ата-энелер менен биргеликте түзүлгөн комиссия менен ошол эле күнү сынактын жыйынтыгы чыгарылды.

1-орунга китеп жана телефон;

2-орунга Ч. Айтматовдун 10 томдук китеби;

3-орунга Т. Касымбековдун “Сынган кылыч”романынын 2 томдук жыйнагы ыйгарылды.

Сынактын катышуучуларынын дээрлик бардыгы жакшы упайларды камсыз кылгандыктары үчүн эң баалуу белек болгон китептер жана мектептин атайын грамотасы менен сыйланышты.

Сыйлоо аземи

Калыстар тобу

Белектерди тартуулоо үчун мектептин кыргыз тилчи мугалимдери атайын фонд уюштурушту. “Көп түкүрсө –көл болот” деген ураан менен демилгечилерди администрация жана жалпы жамаат колдоду. Орок орто мектебинде бул китеп окуу сынагы 3-ирет өткөрүлүп жатат. Эң алгач 2021-жылы Чыңгыз Айтматовдун “Эрте келген турналар” повести боюнча Салкын Аламанова өзүнүн классы менен өткөргөн.

Ошол эле жылы “Оку” долбоору уюштурган Республикалык масштабдагы сынакта “Эрте келген турналар” повести боюнча Орок орто мектебинин 11-классынын окуучусу Өмүрбекова Айбермет 2-орунду ээлеген. Экинчи ирет китеп окуу сынагы 2022-жылдын 28-январында Ч.Айтматовдун “Ак кеме“ повести боюнча чыгармачыл, таланттуу мугалим Саида Баймырзаеванын  уюштуруусунун астында жалпы мектеп боюнча өткөрүлгөн.

Салкын Аламанова