“Көнөк” жамааттык мультимедиа борбору

Сокулук району, Кызыл- Туу айылы

Мектептер арасында аскерге чейинки даярдык сабагы боюнча мелдеш өттү

13 Апрель 2023 жыл 12:30
Көрүүлөрдүн саны: 307

Сокулук районунун Гульсина Капарова атындагы орто мектебинин 10-11-класстарынын окуучулары Аскерге чейинки даярдык (АЧД) сабагынан 4 мектептер аралык өткөн көргөзмөлүү практикалык көндүмдөргө үйрөтүүчү иш-чарага катышып келишти.


Аскерге чейинки даярдык өз ичине окутуунун төмөнкү бөлүмдөрүн камтыган:
-Аскер ишинин негиздери ;
-Ок атуу даярдыгы;
-Жалпы дене тарбиялык даярдоо;

Бул иш-чара Сокулук райондук аскердик комиссариатынын өкүлүнүн катышуусу менен Кызыл-Туу айылындагы Саадаш Абдылдаева атындагы орто мектебинде өттү. Чодугул  Байсалбекова, Гульсина Капарова, Маловодное жана Саадаш Абдылдаева атындагы орто мектебинин 10-11-класстарынын окуучулары катышышты. Иш-чарага 4 мектептин аскерге чейинки даярдык сабагынын мугалимдери жана 10-11-класстын окуучулары . Окуучулар менен ок атуу даярдыгы боюнча практикалык иштер, ок атуу каражатынын түзүлүшү менен жакындан таанышуу менен катар, мектептер аралык эстафета оюну дагы уюштурулган.
Иш-чарага катышкан 11 – класстын окуучу Токторбаев Байаман өз сөзүндө:
“Бул практикадан, көптөгөн нерселерди үйрөндүк, ок атуучу каражатты чечип кайра жыйноо иш- аракеттери менен жакындан карап таанышканыбызга абдан сүйүндүк”,- деп билдирип өттү.

Окуучулардын коопсуздугун көзөмөлдөп иш – чарага алып барып, иш – чара бүткөн соң окуучуларды өз үйлөрүнө жеткирүү менен аскерге чейинки даярдык сабагынын мугалими Мирлан Кайдиев өз сөзүндө «Окуучуларды сергек жашоого багыттоо ирээтинде, ушундай мелдештер болуп турса, окуучуларга шарт түзүлсө,алдынкы орундарды багындырат элек», -деген ой-максаты менен бөлүштү.

Айдай Джолчубекова, Нурайым Кеңешбекова