Жеңиш күнү – совет элинин майрамы делип келет эмеспи.

Эч ким, эч нерсе унутулбайт
Бул күнү совет элинин 4 жылга созулган эң оор, эң кайгылуу Улуу Ата Мекендик кандуу согуштагы нацисттик Германиянын үстүнөн жеңишке жетишкен күнү. 1965 – жылы Жеңиштин 20 жылдыгында 9 – май Жеңиш күнүн иш күн эмес деп жарыяланып, майрам толук атрибуттары менен майрамдала баштаган. Жеңиш күнү майрамдык салтанат, жөө жүрүш жүрүү менен ачык асман, мекенибизди коргоодо өз салымдарын кошкон ата-бабаларыбыздын элесине арналган эстеликтерге гүл-чамбарлар коюлуп келет.

Окуучулар баатырларга гүл чамбар коюда
Жогогруда айтылгандай Жеңиш күндү урпактарына тартуулаган ата- бабаларга таазим кылуу ирээтинде Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Новое айылынын Гульсина Капарова атындагы орто мектебинин окуучулары Кызыл – Туу айыл өкмөтүнө ,,Эч ким, эч нерсе, эч качан унутулбайт!”,– деген ураан менен жөө жүрүш жасашты. Жөө жүрүштүн максаты: Улуу Ата екендик кандуу согушта урпактардын бейпил жашоосу үчүн жанын, канын аябай крман болгон ата-бабаларга таазим кылуу, ошондой эле окуучуларга Ата Мекенге болгон сүйүүсүн козгоо, атуулдук сезимдерин ойготуу. Жөө жүрүштө окуучулар Кызыл -Туу айыл өкмөтүнүн алдындагы Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларына коюлган эстеликке гүл чамбарларды коюшуп, көркөм окуу, ыр саптарын окуу менен сөзү А. Жаыповго, обону Х. Азиреткуловго таандык ,,Эстелик” обондуу ырын жалпы аткарышты.
Кызыл – Туу айыл өкмөтүнүн башчысы Акылбек Джылжымышов өз сөзүндө: ,,Улуу Ата Мекендик согуштун урматтуу ардагерлери жана ооруктун эмгекчилери, жалпы Кызыл – Туу айыл өкмөтүнүн ардактуу ардагерлери, ушу Улуу Жеңишке сиздердин эрдик, биримдик, талыкпаган эмгек жана күжүрмөндүгүңүздөр менен жеткенбиз. Сиздер багындырган жеңишти утурлай биз да өлкөбүздүн, элибиздин, мамлекетибиздин, айылыбыздын тургундарынын бейпилдигин сактап, бекемдөөгө аракет менен жооперчиликтүү кызматтабыз. Сиздерге, жалпы кыргыз элин Улуу Жеңиш майрамы менен чын жүрөктөн куттуктап, чын ден соолук, кажыбас кайрат, бакыт – таалай, бакубат жашоо каалоо менен ар дайым өлкөбүздө тынчтык өкүм сүрүп, асманыбыз ачык болсун. Буйурса бүгүн Кызыл – Туу айыл өкмөтүнө караштуу айылдарынын Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларын, ардагерлерин куттуктап, кабар алып аталарыбызга таазим кылуу менен ыраазычылык билдирүү иш-чарасын өткөргөнү турабыз. Эч ким, эч качан унутулбайт, аталарыбыздын эрдиги жүрөгүбүздө сактала берет демекчибиз”.

Иш-чаранын катышуучулары
,,Урматтуу кесиптештер жана окуучуларым, сиздерди Жеңиш күнү майрамы менен куттуктайм. Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңиш күнүн 78 жылдыгын белгилеп жатабыз. 1941-1945-жылы согушта нечен кыргыз элинин жоокерлери курман болгон, мына бүгүн курман болгон жоокерлерди эскерүү менен гүлдесте коюп таазим кылабыз. Кааларым асманыбыз ачык, мекенибизде тынчтык, элибизде ынтымак болсун. Мекенибиздин тынчтыгы үчүн курман болгон жоокерлердин ,,Эч ким, эч нерсе, эч качан унутулбайт”. Дагы бир ирээт майрамыңыздар менен кесиптештерим, замандаштарым”, -деген каалоо-тилектерин Гульсина Капарова атындагы орто мектебинин директорунун милдетин аткаруучу Тепеева Рафа.
Даярдаган: Айдай Джолчубекова,
Мээрим Арыкова