“Көнөк” жамааттык мультимедиа борбору

Сокулук району, Кызыл- Туу айылы

Алгачкы кино тасмага он эки жашында тартылган актёр

11 Декабрь 2023 жыл 20:28
Көрүүлөрдүн саны: 159

Чүй облусунун Сокулук районунун Токбай айылындагы Мария Суранчиева атындагы орто мектебинде “Инсан таануу “жамаатынын , улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармасында тартылган “Жамиля» кино тасмасындагы Сейиттин ролун аткарган актёр Насретдин Дубашев менен жолугушуу болуп өттү. «Инсан таануу «жамааты

 

Каарман агай иш – чаранын катышуучуларынын суроолоруна жооп берди . “Мен ал кезде бала болгондуктан кыргыздын алптары менен жүргөнүмдү этибарга алган эмес экенмин. Актёрлукту да кесип катары биринчи орунга койбодум. Кичинемде ачык айрым, тайманбас мүнөзүм менен ошол кездеги кастингдерден өтүп , образ жаратууга өбөлгө болду. Чынгыз Айтматов киного тартылып жүргөндө башыман сылап окууларың жакшыбы дегени эсимде”- деп эскерет Насретдин Дубашев.
“Биринчи мугалим”тасмасында мектептен чыккан өрттөн улам каза болгон Сувандын образында мага кара көө , май сүйкөп жаткырып коюп актриса Джумаш Сыдыкбекова кошок айтса ,узагыраак жатып калганымдан улам чын эле өлүп калбадымбы деген ой келип, колу бутумду кыймылдатсам жаны бар, кайра сүйүнүп кеткем “-деп кино тартуудагы бир топ кызыктуу учурлардан эскерип айтып берди.»Насретдин Дубашев агайдын токтоолугу, жөнөкөйлүгү жана адамкерчилиги баарыбызды суктандырды»– деп билдирди Азада Арзыбаева , Баткен облусунун Кадамжай районунундагы “Күнбала» балдарды өнүктүрүү борборунун жетекчиси.
Насретдин Дубашевдин тартылган кино тасмалары:
1.Первый учитель – Суван 1965-жылы
2.Небо нашего детства – Калык 1966-жылы
3.Джамиля -Сейит 1968-жылы
4.Поклонись огню – Мурза 1971-жылы
5.Я Тянь-Шань – 1972-жылы
6.Жилы -были – 1974-жылы
7.Шамбала – Момун 2020-жылы
8. Дар -2023- жылы
Актёрдун алган сыйлыктары:
1.Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти.
2.Төлөмүш Океев атындагы “Кыргызфильм»улуттук киностудиясынын жогорку категориядагы актёру.
3.Чыңгыз Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты.
Белгилей кетсек өлкөнүн бардык аймактарында Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата жазуучунун чыгармаларын даңазалаган иш – чаралар өтүлүүдө.
Даярдаган: Айдай Джолчубекова