Чүй облусунун Сокулук районунун Новое айылындагы Гульсина Капарова атындагы орто мектебинде , Аалам алпы — Чыңгыз Айтматовдун 95-жылдыгына карата акыл ордо интелектуалдык таймашы болуп өттү.
Катышуучулар
Акыл ордо интелектуалдык таймашы Гүлсина Капарова атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучулары жана мектептин кыргыз тили жана адабият мугалими Бермет Кенжебаева уюштурушкан. Акыл ордо интелектуалдык таймаштын максаты: Аалам алпы – Чыңгыз Айтматов жөнүндө терең маалымат берүү, өз билимдерин текшерүү, Чыңгыз Айтматовдун элесин, баскан изин, алтын тамгалар менен жазылган чыгармаларын даңазалап билүү. Таймашка 9-10-класстын окуучулары катышты. Акыл ордо таймашынын суроолору 6 категориядан түзүлгөн. Суроолордогу ар бир категория өзүнүн өзгөчөлүгү, билимди тереңдетүү, тактыгы жана кызыктуулугу менен айырмаланды. Таймашка окуучулар кызыгуу менен активдүү катышышып, таймаш кызыктуу өттү. Таймашка катышкан окуучулар диплом, грамоталар менен сыйланышты. Жыйынтыгында 1-орунду ээлеген 9-класстын окуучулары I даражадагы диплом менен, 2-орунду ээлеген 10-класстын окуучулары II даражадагы диплом менен сыйланышты.
Акыл ордо таймашынын катышуучулары
Таймашка активдүү катышып, жалпы суроолорго так, туура жооп берген 9-класстын окуучусу Жаңыл Эсенжанова ардак грамота менен сыйланды.
9-класстын окуучусуДиана Амангелдиева өз сөзүндө: Бүгүнкү таймаш мага аябай жакты.
Таймашта өзүбүздүн буга чейинки алган билимдерибизди сынап, эстен чыккан учурларды эсибизге салдык, жоопкерчиликтүү болууга үйрөндүк.10-класстын окуучусу Чыңгыз Эргешов төмөндөгүлөрдү билдирди. Акыл ордо таймашы бүгүн эң кызыктуу болду. Өзгөчө ар бир категориянын биринен-бири өтүп суроолору кызыктуу болуп бизден изденүүнү талап кылды. Биздин кыргыз тил жана адабият мугалимибиз Бермет Кенжебаевага жана 11-класстын окуучуларына терең ыраазычылык билдиребиз.
Жазган: Айдай Джолчубекова
Азима Нуридинова