“Көнөк” жамааттык мультимедиа борбору

Сокулук району, Кызыл- Туу айылы

Логикалык оюн боюнча мелдеш өттү

14 Декабрь 2023 жыл 8:08
Көрүүлөрдүн саны: 166

Чүй облусунун Сокулук районундагы Кызыл – Туу айыл өкмөтүнө караштуу Новое айылынын Гүльсина Капарова атындагы орто мектебинде 8-декабрь күнү Сокулук районун жогорку зонадагы мектептер арасында шахмат оюну боюнча таймаш семинары болуп өттү.Сыйлык алуу аземи

Семинарга беш мектептин окуучулары жана дене тарбия мугалимдери келип катышышты. Алар: Сокулук районунун Саадаш Абдылдаева атындагы орто мектебинин дене тарбия мугалими Алмаз Садыгалиев, Орок мектебинин дене тарбия мугалими Нурсултан Рыспек уулу, Жамгырчинова мектебинин дене тарбия мугалими Кубаныч Атабеков, Рахманов мектебинин дене тарбия мугалими Бакыт Джусупов жана Гүльсина Капарова орто  мектебинин дене тарбия мугалимдери Мокуш Сыдыралиев, Мирлан Кайдиев агайлар окуучулары менен зооналык семинарга катышышып шахмат оюну боюнча таймашышты. Таймашта окуучулардын шахмат оюнуна болгон кызыгуулары артып, эң жакшы оюн көрсөтүштү. Оюнда кыздар арасында I орунду Орок мектеби, II орунду Абдылдаева мектеби, III орунду Жамгырчинов мектептери ээлешсе, эркек балдар арасында I орунду Жамгырчинов мектеби, II орунду Орок жана Гүльсина Капарова орто мектеби, III орунду Рахманов мектептери алышты. Оюндун алкагында алдынкы орунду ээлеген окуучулар дипломдор менен сыйланышты. Рахманов орто мектебинин дене тарбия мугалими Бакыт Джусупов өз сөзүндө: ,,Шахмат спорттук оюндардын бир түрү. Мектептин дене тарбия мугалимдери балдарды, окуучуларды спорт менен эрте куракта достоштуруп, инклюзивдүү коом түзүү менен бирге куунак, сергек жашоо образы менен ийгиликтерди багындырууларына өбөлгө түзүүгө бар күчүбүздү жумшайбыз. Учурдан пайдаланып Гүлсина Капарова мектептин жалпы жамаатына жана дене тарбия сабагынан берген Мөкүш Сыдыралиев , Мирлан Кайдиев агайларга терең ыраазычылык билдиребиз!”-деп билдиребиз.

Мелдештин катышуучулары

Белгилей кетсек шахмат оюну боюнча семинар Гүльсина Капарова
мектебинде алгачкы ирет болуп өттү.
Жазган: Аксана Шалтаева
Айдай Джолчубекова
.