Ак карга оронгон кыш мезгили ысык чай, жылуу төшөк жомоктору менен кызык. Кыш мезгили кандай сонун.

Кыш
Балдар чурулдап кар менен ойношуп, эс алгандар тоого барып лыжа тээп, муз аянтчаларда коньки менен чуркашат. Жылуу күндөрдө, эртең менен турганда айлананын баарысын ак-күмүш түстүү кыроо басат. Кыш мезгили жаңы жыл, аяз ата, аяз кыз, момпосуй, белектер, маскарад, каникулдар жана башка көптөгөн ушундай жакшы майрамдарды арнайт.Адамдар суукка өтө сезимталдуу. Суук тийүү, мезгилдик депрессия, гипотермия. Тайгакта жыгылуу, шыптан түшкөн муздар мунун баары муздак жана ызгаардуу аба ырайы менен байланышкан, адам баласынын ден-соолугуна зыян келтирүүчү көйгөйлөр. Быйылкы кыш мезгили өз убактысын да келди. Кыш мезгилинде кар жаап өзүнчө бир жомокко баргандай пейзаж. Күн абдан суук болуа жатат.
Кыштын көрүнүшү
Ошол суукта жалпы республикалык мектептин окуучулары Билим берүү жана илим министрлигини буйругунун негизинде 2, 3 күн онлайн окушту.Борбор шаарыбыздын ортосунда балаты орнотулуп, борбор шаарыбыз да жаны жылдык майрамдык кече болду.Ошону менен кыштын үчүнчү айын тосуп жатабыз. Кыш мезгилиндеги бөөдө кырсыктардан өзүбүздү астейилдеп сактаналы.
Даярдаган: Азима Нуридинова, Аксана Шалтаева