Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Новое айылындагы Гульсина Капарова атындагы орто мектебинин башталгыч классынын ардагер мугалими, эл агартуунун отличниги Гүлмира Токтосунова жана жаш мугалим Салтанат Жапарова буга чейин «Окуу керемет» долбоорунда окуп, ал жакта алган усулдарын,билимдерин өзүнүн кесиптештерине, мугалимдерге башталгыч класстын жети мугалими менен бирдикте тажрыйба алмашуу менен биргеликте тренинг өтүштү.

Тренинг учурунда
Тренингде PISA (окуучулардын жетишкендиктерин баалоо боюнча эл аралык программа) STEAM технологиясын методикада колдонуу, окуучуларды даярдоо темасы боюнча кеңири маалымат беришип, практикалык иш жүгүзүлүп мугалимдер топторго бөлүнүшүп, топтордо чыгармачылык менен иштешип, презинтация жасашты. 1-топто математика, физика, геометрия сабактарынан сабак берген мугалимдер «Математика-илимдердин падышасы», 2-топ биология, технология, география, музыка жана көркөм өнөр сабактарынан сабак берген мугалимдер «Табият менен таттуу мамиледе болуу», 3-топ кыргыз тили жана адабияты, англис тил, орус тил сабактарынан сабак берген мугалимдер “Эне тилим эне сүтүм» аталышындагы топторго бөлүнүшүп, ар бир топ PISA, STEAM технологиясы боюнча предметине байланыштуу презентацияны заманбап көргөзмө куралдар, таркатмалар, таблицалар менен суроо-жооп иретинде жактап беришти. Башталгыч класстардын усулдук бирикмеси тарабынан уюштурулган мээге чабуул жасоочу оюндар менен тренинг кызыктуу, өзгөчө жаш мугулимдерге жеткиликтүү болду.


Тренингтин катышуучулары
Тренингде мектеп администрациясынан мектеп директору Гульазар Муонбаева, тарбия бөлүмүнүн башчысы Нурайым Кубатбекова катышты. Мектеп директору Гульазар Муонбаева тренинг жогорку денгээлде өткөнүнө баа беришип, тренинг уюштурган кесиптештерине терең ыраазычылык билдирүү менен чыгармачылык ийгиликтерди каалап өттү. Жаш мугалим Жазгүл Талантбек кызы өз сөзүндө: ,,Тренинг мага абдан жакты, алган билимдерди, усулдарды ар бир сабактарымда, окуучулар менен практикалык иштерде байма-бай колдонуп, ТСО менен сабактарды изденүү менен өтөм” деди.
Эскерте кетсек Кыргызстандын 15 жаш курактагы окуучулары 2025-жылы PISA эл аралык программасына катышышат. Учурда эл аралык программа боюнча алгылыктуу иштер жүргүзүлүп, мектеп боюнча ар бир усулдук бирикменин иш пландары түзүлүп мектеп жетекчиси тарабынан бекитилип, класстар арасында тесттер алынып, окуучулар компьютер менен сайтка кирип иштеп жатышат.
Даярдаган: Айдай Джолчубекова, Анара Матекова