Көөнө тарых сырлары -унутулуп бара жаткан салттуу билим жана баалуулуктар Суранчиева Мария атындагы окуу-тарбия комплексинде жанданууда.






Жаш муунга кыргыздын улуттук баалуулуктары тууралуу айтып берүү жана алар менен биргеликте сактап калуу, жандандыруу заман талабы жана ар бир жарандын милдети.
Ушул максатта 18-апрель күнү Суранчиева Мария атындагы окуу-тарбия комплексинин мугалими Динара Сарбашова тарабынан тарбиялык саат өткөрүлдү.
Бул иш — чарага жомокчу Сайра Сейитова ,коомдук ишмер, Кызыл -Туу айылынын ардактуу атуулу Жаныбек Сансызбаев, колунан көөрү төгүлгөн уз Гулай Кожокеева , “Аманат-Өмүр”коомдук фондунун жетекчиси, улуттук баалуулуктарды колдоп, үйрөтүп келген Алгожоева Жанар мектеп окуучулары, ата – энелер, мугалимдер катышты. Улуу муун жаштарга акыл – насаатын, батасын берип тарыхтан алынган кызыктуу маалыматтар менен бөлүштү.
Окуучулар өз колдору менен боз үйдү тигүү аракетин көрүшүп,бул оңой иш эмес экенине ишеништи. Азыркы жаш өспүрүмдөр үчүн боз үйдү тигүү аза күтүү менен барабар болуп калган экен. Эми окуучулар боз үйдү салтанаттуу күндөрү тигүү керек экенин билип калышты.
Окуучулар арасында боз үйгө болгон кызыгуу күч алды.
Даярдаган: Азиза Сакенова