Сокулук районуна караштуу, Кунтуу айыл өкмөтүндөгү, Новое айылында жайгашкан Гульсина Капарова атындагы орто мектебинде сентябрь айында «Кыргыз тил күнүнө 35жыл!» аталышында 8-9-11-класстар арасында «Акыл ордо» таймашы болуп өттү.

Таймаш учурунда
Таймашта окуучулар топторго бөлүнүп, упай топтошуп, таймаш кызыктуу өттү. Таймашка жалпысынан 7 топ катышты. Ар бир топту 6дан окуучу толуктап турду.

Окуучулар топтордо
Ал эми окуучуларга саарэсеп салып, билимдерин баамдап отуруу үчүн калыстар тобу упай берип, эсеп жүргузүп жатышты. Калыстар тобу мектептин алдыңкы мугалимдеринен түзүлуп, таймашка өз бааларын берип отурушту. «Акыл ордо» таймашында окуучуларга берилген суроолор бир гана кыргыз тилге басым жасалбастан, ар тараптуу, ошол эле каада -салтыбыз,үрп-адатыбыз,мыйзамдарыбыз , спорт, музыка дээрлик ар тараптуу жаатта суроолорду камтып, жалпысынан 8 этап болду. Таймаштын жүрүшүндө окуучуларга секунддалык убакыт коюлуп,окуучулардын шамдагай ошол эле учурда тапкычтыгын баалоо менен упайлар берилип жатты. Бул көрүнүштү мектептин парламентинин мүчөлөлөрү байкоо жүргүзүп, баалап жатышты. Таймаштын так ортосунда кыргыз тили жана адабиятына байланышкан сүрөттүү макал-лакаптар катылып, окуучулар кызыгуу менен жандырмагын табышты.
Жалпы упайлар эсептелип, жыйынтык калыстар тобунун мүчөлөрү аркылуу эсептелип, жеңген тайпалардын мүчөлөрүн мектеп директору, тарбия бөлүм башчысы, соцпедагог жана мектептин алдыңкы, ардактуу мугалимдери, парламенттин мүчөлөрү белек тапшырышты. Таймаш дээрлик 2 саатка созулса да, окуучулар ынтызаарлык менен катышып, таймаш дээрлик эң жогорку деңгээлде өтүү.
Эске сала кетсек: ,,Акыл ордо” таймашын мектептин окуу-тарбия бөлүм башчысы жана кыргыз тил, адабият мугалими Айдай Джолчубекова уюштуруп, окуучулардын кызыгуусун арттырып, мектептеги кыргыз тил жана адабият декадасын ачып берди.

Мугалим жана окуучулар
Таймашка катышкан жаш мугалимдер, мугалимдер жамааты жана окуучулар таймаш сабагын ,,Эң жакшы” деп баалашып, Айдай Джолчубековага чыгармачылык ийгиликтерди жана ден соолук каалашып, ушундай таймаш сабактарды байма-бай уюштуруп, өтүп турууну суранышты. Таймаш сабак учурдагы билим берүү системасынын талабына ылайык ТСОну колдонуу менен, STEAM технологиясы менен көргөзмөлүү, заманбап структура менен өтүлдү.
Даярдаган: Аида Карыбекова,Амина Акунбаева