Чуй облусунун Сокулук районундагы Новое айылында Гульсина Капарова атындагы орто мектебинде сентябрь айлыгы “Көңүл бургула балдар! Балдардын жол кырсыктарынын алдын алууга тарбиялоо” айлыгы деп аталып, иш пландар түзүлүп, класстык сааттар, ачык класстык сааттардын темалары такталып, жарыяланды.
Окуучулар иш-чарада
1-4-класстар арасында “Жол чырак менин жардамчым” аталышында ачык класстык сааттар өтүлсө, 5-8- класстар “Жолдо журсөң абайла” ,9-11- класстар ,,Жол кырсыктарынын себептери” аталышындагы класстык сааттарды өтүштү. Жол эрежелери, жол белгилери боюнча чакан маалыматтар камтылган дубал газеталар чыгарылды.
Сентябрь айында класстан тышкаркы иш-чара уюштурулуп 1-11-класстардын катышуусунда өттү. 8-,,а” жана “б” классынын окуучулары “Жолдон өтүү эрежесин” көрсөтуп беришсе,“Жол чырак” жөнүндө түшүндүрүп беришти. Ал эми 6-“а” классынын окуучулары “Жол кырсыктарынын келип чыгуу себептери” деген темада сценка аткарып беришти. ,,Светофор менен досмун” аталышындагы обондуу ырды 4- “а” классынын окуучулары жандуу ун менен аткарып беришсе, 5-“а”классынын окуучулары “Жол эрежесин эске сакта” аталышында көркөм ыр айтышты. Иш-чаранын жыйынтыгында
9-классынын окуучусу ГАИ кызматкеринин формасында окуучуларга эскертүү берип, тез жардам, жардам берүү кызматтары менен тааныштырып, окуучуларга кеп-кеңештерин айтуу менен жыйынтыкталды.

Иш-чаранын жыйынтыгы
Иш-чараны мектептин тарбия бөлүм башчысы эң жогорку деңгээлде уюштуруп, көргөзмөлүү өттү.
Даярдаган: Айдай Джолчубекова, Перизат Каратаева