Чүй облусунун Сокулук районунда Жалпы республикалык тестирлөөдө (ЖРТ) 200дөн
жогору балл алган 16 мектептин бүтүрүүчүлөрүнө жана алардын ата-
энелерине сыйлыктар тапшырылды.
Сыйлык тапшыруу учуру
Сыйлык тапшыруу аземине Сокулук райондук мамлекеттик
администрациясынын башчысы – аким Илияз Ташкулов, Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Аманкан Кенжебаев,
Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Турум Сатарбаева,
мектеп директорлору жана ата-энелер катышышты.
Сыйлоо аземи
Аким Илияз Ташкулов өз сөзүндө: ,,Силердин жетишкен ийгилигиңер –
ата-энелериңердин, мектепте билим берген мугалимдериңердин жана албетте
өз эмгегиңердин жемиши. Алдыда дагы чоң максаттар турат. Кыргызстан
силердей билимдүү, жоопкерчиликтүү жаштарга муктаж. Ар дайым алдыга
умтулгула!”-деп белгилеп, бүтүрүүчүлөрдү куттуктады.
Ар бир жылы Сокулук районунда бүтүрүүчүлөрдүн ийгиликтерин,
жетишкендиктерин баалап, дем берүү менен биргеликте бүтүрүүчүлөрдү
ата-энелери менен куттуктап, белектерди тапшырышып, сыйлоо
аземи өткөрүлүп келет. Бул да болсо, эң жакшы жөрөлгө жана ар бир
окуучунун жакшы окуп, ийгиликтерди багындыруусуна дем берип мотивация
болуп келет.
Даярдаган: Айдай Джолчубекова