Бүгүн 6 – августа Чүй облусунун Жайыл районунун Суусамыр айылында жеке ишкер Жанар Алгожоева отургузган дары өсүмдүктөр талаасында Япония өлкөсүнөн келген окумуштуулар менен жолугушуу болуп өттү .
Жеке ишкер дары чөптөрдү тааныштырууда
Жолугушууга Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигинин кайра иштетүү , өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаментинин башкы адиси Игорь Таранов ,Токио шаарынын айыл чарба университетинин профессору Ёшико Кавабата , Макино ботаникалык бакчанын директору профессор Акихито Такано , фармацевтикалык Сёва университетинин профессору Такахиса Накане жана окутуучу Юки Сакаи катышышты.

Иш үстүндө
«Суусамыр айылынын Чыйрычык өрөөнүнө 11гектар жерге алты түрлүү дары өсүмдүктөрүн отургузганбыз.Дары өсүмдүктөргө Суусамыр өрөөнүнүн климаты туура келгенине байланыштуу чыгышы жана өсүшү жакшы . Япония өлкөсүнөн, Кыргыз Республикасынын биология институтунан жана аталган департаменттен адистер келип , келечекте биргелешип иштөөгө кызыкдар экенин билдирип кетишти» — деп билдирди жеке ишкер Жанар Алгожоева.
Эгерде дары өсүмдүктөрдүн кирешеси арпадан жогору болсо, өстүрүүгө даяр экенин билдиришти өрөөндөгү жеке ишкерлер.
Даярдаган: Айсулуу Нурматова